Украина КМШдан биротоло чыгат

Бул тууралуу жарыя салган Президент Петро Порошенко Украина эч качан КМШнын толук укуктуу мүчөсү болбогонун белгиледи.

Ошондой эле Порошенко Минсктеги тиешелүү институттардагы украин өкүлчүлүктөрүн биротоло жаба турганын билдирди.

Ошондой эле Киевдеги коопсуздук форумунда Росссия менен Украинанын ортосундагы “Достук жана кызматташтык” келишиминин айрым беренелерин “тез жана бир тараптуу токтотуу” боюнча мыйзам долбоорун парламентке киргизилет.