“Ош” базардагы өрт боюнча кылмыш иши козголду

КР Ички иштер министрлиги Бишкектеги “Ош” базарында чыккан өрт боюнча кылмыш ишин козгоду. Кырсыктын болжолдуу себеби атайылап өрттөө болушу мүмкүн делген версиялар да каралууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жеринде Бишкек ШИИББнин жана Ленин райондук ИИБнин ыкчам тобу иштеп жатат. Бардык материалдар Ленин райондук ИИБде катталды. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Экспертизанын жыйынтыгында өрттү иликтөө боюнча юридикалык баа берилет.

Белгилей кетсек, өрт бүгүн таң эрте башталган. Саат 7:40та өрт чектөөгө алынган. Өрттүн болжолдуу жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзөт. Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат борборунун консультанты Елена Баялинова билдиргендей, таң эрте чыккан өрттөн медициналык жардам сурап 8 адам кайрылган.