Бишкек-Анкара мамилесин жакшыртууга жасалган кадам

1991-жылы Кыргызстан өзүн көз карандысыз мамлекет катары жарыялагандан кийин, алгачкылардан болуп, Түркия 18-декабрда Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган. Андан көп өтпөй, ошол жылдын 24-декабрынан баштап эки өлкөнүн ортосунда, дипломатиялык байланыштар түзүлгөн. 27 жылга чукул аралыкта эки мамлекеттин ортосунда кызматташтык уланып, Түркия Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөшкө айланган. Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, гуманитардык, саясий байланыштардын жылдан-жылга бекемделип жатышына карабастан, кыргыз-түрк достугуна доо кетире турган учурлар да болбой койгон жок…

Достукка доо кетирген “Хизмет”

Учурунда Мустафа Кемаль Ататүрктүн “СССРде  коммунисттик  режим  кулаган учур келет. Ошондо биз маданияты боюн-ча бизге жакын элдер менен союз курууга даяр болушубуз керек” деген жайы бар. Дал ошол максатта Түркия алгачкылардан болуп, Кыргызстандын  эгемендүүлүгүн  таанып, Ататүрктүн сөзүн ишке ашыруу-га  багыт  алган.  Эки  өлкөнүн ортосунда дипломатиялык алакалар түзүлүп, кыргыз-түрк мамилеси саясий, экономикалык, соода-сатык, маданий гумани-тардык, аскердик-техникалык ж.б. 100дөн ашык келишимден турган базалык укуктук доку-менттер менен бекемделген.

Ошентсе  да  эки  өлкөнүн ортосунда пикир келишпестик пайда болбой койгон жок. Буга себеп, 2016-жылы июнь айында Түр кия да бийликти басып алуу аракети болуп, түрк бийлиги ага динаятчы Фетхуллах Гюленди айыптаган. Натыйжада Түркия менен Кыргызстандын ортосунда Гюленге тийиштүү деп эсептелген “Хизмет” кыймылына байланыштуу пикир келишпестик келип чыккан. Анда түрк бийлиги Гюлендин кыймылынын жолдоочулары түзгөн окуу жай катары эсептелген “Себат” эл аралык билим берүү мекемелерин жабуу сунушу менен кайрылган. Буга Кыргызстан тараптан терс жооп кайтарылгандан кийин, ортодогу мамилелер салкындай түшкөн.

Негизинен алганда Түркия мамлекети менен болгон мамилеге доо кетирүү кимге пайда алып келет жана андай кылууга негиз барбы деген логикалык суроо жаралат. Себеби, Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда соода-сатык, экономикалык байланыштарга эле токтоло турган болсок, 2015-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар айлантуу 371,6 млн. долларды түзгөн. Эксперттер муну Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен байланыштырышкан болчу. Анткен менен Түрк элчилигинин маалыматы боюнча 2016-жылдын алгачкы тогуз айындагы маалымат боюнча 316,2 млн. долларга жеткен. Бүгүнкү күнгө карата расмий маалыматтар боюнча Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар алмашуу дээрлик 400 млн. долларды түзөт. Эми аны 1 млрд. долларга жеткирүү мерчемделип жатат. Мындан тышкары Түркия 2011-жылы Кыргызстандын 51 млн. доллар карызын кечкен.

Бузулган мамилеге бурулуш жасай турган сапар

9-10-апрелде Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков эки күндүк расмий иш сапарынын алкагында Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен тар жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда бир катар тармактарда кызматташуулардын аспектилери, инвестицияларды тартуу маселелери талкууланып, экономика, инвестиция, айыл чарба, спорт, социалдык камсыздандыруу жана маалымат чөйрөсүндөгү алты документке кол коюлду. Ошондой эле эки жактуу жолугушуулардын жүрүшүндө Эрдоган Түркия дайыма Кыргызстандын демократия-лык өнүгүүсүн колдоп келээрин да айтып, экиөлкөнүн ортосундагы алакалардын бекемделишине ишеним билдирди.

Президент  Сооронбай  Жээнбековдун Түркияга  сапарын  солгундаган  Анкара-Бишкек мамилесинин бекемделишине, эки өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен саясий диалогду жакшыртууга жасалган кадам катары баалоого болот. Анкара визити былтыр ноябрда президенттикке киришкен Соо-ронбай Жээнбековдун КМШнын аймагынан тышкары чыккан алгачкы сапары.

Жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында Режеп Эрдоган түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун саммитин Бишкекте өткөрүүнү сунуш кылып:

“Биздин жакын кызматташтык, тилекке каршы, 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин ар түрдүү сыноолорго туш келди. ФЕТО өзүнүн таасири астындагы кишилер аркылуу ушул кызматташтыгыбызды ууландырууга жана бузууга аракет кылды. ФЕТО мүчөлөрү жана ага жакшы карагандар Түркия менен Кыргызстандын ортосунда ар түркүн чагым салганга аракет кылды. Президент Жээнбековдун бүгүнкү сапары ФЕТОнун бул аракеттерине каршы эң жакшы жооп деп ойлойм. Ушул себептен муну баса белгилеп кетейин. Түркия ФЕТОнун акыркы мүчөсү укук алдында жооп бергенге чейин өлкөнүн ичинде жана тышында бул уюмга каршы күрөшүн улантат”, — деп “гүленчилер” маселесин көтөрдү.

Мигранттарды кубанткан келишим

Бейрасмий  маалыматтар боюнча, чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктардын  саны бир миллиондон ашык экени айтылып келет. Ал эми Түркия ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдүн ичинен кыргызстандыктар көп каттаган өлкө. Аталган мамле-кеттин Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлигинин маалыматына  ылайык,  расмий катталган кыргыз жарандарынын саны 19 иңден ашуун. Жалпы мигранттарыбыздын өлкөгө которгон акчалары Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн 30 пайызына барабар.

Ошондуктан  Президент  Сооронбай Жээнбеков Түркияга жасаган иш сапардын жүрүшүндө кол коюлган документтердин арасында  Кыргызстан  менен  Түркиянын ортосундагы жарандарды социалдык камсыздандыруу боюнча келишим өзгөчө көңүл бөлүүгө арзыйт. Анткени аталган документке ылайык эки жакта иштеп камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөн жарандарга бир эле мезгилде Түркия жана Кыргызстандын пенсиясын алууга мүмкүнчүлүк болот.

Кыргыз Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Тилектеш ИШЕМКУЛОВ: Ар тараптан ийгиликтүү аяктаган иш сапар»

Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга жасаган расмий иш сапары, кайсы жагынан алып карабайлы, чоң ийгилик менен аяктады. Бул – биздин мамлекет башчыбыздын алыскы чет өлкөгө алгачкы ирет барышы. Түрк боордоштор аны салтанаттуу – ардак караул, эки өлкөнүн гимндеринин аткарылышы, артиллериялык салют, атчандар гвардиясынын коштоосунда, өтө жылуу тосуп алышты.

Эл аралык мамилелердеги мындай өзгөчөлүктөрдү көңүлдөн сырт калтырып коюуга болбойт, анткени дипломатиялык протокол боюнча мындай көрүнүш – бөлөк мамлекеттин башчысына, демек, анын элине карата көрсөтүлгөн сый-урматтын эң бийик белгиси болуп саналат.

Экинчиден, С.Жээнбеков Түркияга Россия нын президенти В.Путинден кийин экинчи болуп барып жатпайбы. Муну биз тиешелүү деңгээлде символикалык көрүнүш катары кабыл алсак туура болмокчу.

Анкарадагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө  эки  тарапты  кызыктырган көптөгөн орчундуу маселелер кеңкесири талкууланып, ийгиликтүү аяктады. Экономикалык, маданий, гуманитардык байланыштарды ырааттуулук менен күчөтүүгө багытталган бир нече маанилүү келишимдерге кол коюл-ганын канагаттануу сезимибиз менен кабыл алышыбыз шарт. Аталган ошол документтерде экономикабыздын өзөктүү тармактары болуп эсептелген өнөр-жай, айыл чарба, курулуш, энергетика ж. б. багыттарга тиешелүү маселелер кеңири талкууланды. Мындан сырткары, аскерий-техникалык, маданият, билим берүү, миграция, Түркия менен Кыр-гызстанда эмгектенгендер пенсияга чыкканда, аларга эки өлкөнүн пенсиясын төлөп берүүгө, байланыш-туу да макулдашуулар жетишилди.

Албетте,  учурда  Түркия  үчүн орчундуу  бойдон  кала  берген  – 2016-жылы  бул  өлкөдө  аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп, сыртынан айыпталып келаткан Ф.Гулендин аты менен байла-нышкан  биздеги  окуу  жайлары-нын  жабылышы  зарыл  экендиги жөнүндөгү мурдагы маселе кайрадан козголду. Экс-президент А. Атамбаев мындай сунушту кабыл албай койгондон кийин эки өлкөнүн  ортосундагы  алакаларга  көлөкө түшкөнү белгилүү. Бирок, бул көйгөйдү бир кол шилтем менен, заматта эле чечип салуу мүмкүн эмес. Ал- ар тараптан салмактап, талдап, таразалап, тактап чыгууну талап кылган жана саясий, дипломатиялык жолдор аркылуу гана өз ордуна коюла турган маселе экендиги талашсыз.