16-апрелге карата аба ырайы

16-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, тоо этектеринде, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 10…15;

Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 10…15;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 14…19;

Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте бүгүн мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 13…15 градуска чейин жылуу болот.