Кыргызстанда бир жумада 15 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталган

Кыргызстанда бир жумада, тактап айтканда үстүбүздөгү жылдын 7-12-апрель күндөрү 15 миң 541 жол кыймылынын эрежесин бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен – 134ү унааны мас абалында башкарышкан;

Документтери жок унаа башкаргандар – 228;

-Жогорку ылдамдыкта айдоо– 2 миң 905;

-Жол белгилерин сактабоо – 3 миң 878;

-Коопсуздук куру жок – 4 миң 406;

-Жолдо тоскоолдук жаратуу – 1 миң 368;

-Жарыктандыруу жабдыгы мене жүргөн- 1 миң 666;

-Башкаруу маалында уюлдук телефон колдонуу– 3 миң 21;

-Жол чыракка баш ийбөө – 541;

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 525 унаа токтотулган.

КР ИИМ ЖКККББсы айдоочуларды жолдо жүргөндө жол эрежелерин сактоого чакырат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *