Иран: Роухани жеңип чыкты

Ирандын азыркы учурдагы лидери Хасан Роухани шайлоодо жеңип чыгып, кайрадан президенттикке шайланды. Бул тууралуу Associated Press басылмасы Ирандын ИИМине шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Роухани шайлоочулардын 59% добушун алган. Тактап айтканда 22 млн 800 миң жаран аны колдогон. Ал эми Роуханинин башкы атаандашы Эбрахим Раисини 15 млн 452 миң адам колдоп, 39% добуш топтогон.

Президенттик шайлоого жалпы 40 млндон ашуун шайлоочу катышып, 70%ды түздү.

Эске салсак, Хасан Роухани 2013-жылдагы шайлоодо 51% добуш топтоп, биринчи мөөнөткө президент болуп шайланган.