Сот бийлиги мыйзамдуу, адилет чечимдери менен барктуу, а соттук чечимдер аткарылышы менен таасирлүү

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Канча жылдан бери биздин бийликтегилер мантрадай кайталап келишкендей укуктук мамлекетте күчтүү жана адилет сот бийлиги болууга жана анын чечимдери бардык мамлекеттик органдар, мекемелер, менчик уюмдар жана жарандар тарабынан өз убагында кынтыксыз аткарылууга тийиш. Бизде, тилекке каршы, азырынча ал жөнүндө айтууга эрте. Ошондуктан жогорку сотко караштуу сот департаментинин жер-жерлердеги бөлүмдөрү тарабынан күчүнө кирген соттук чечимдер бирөөлөргө карата мажбурланып аткартылып жатса, экинчи бирөөлөр тарабынан соттук чечимдерге текебер мамиле жасоого жол берилип жатат. Мисал керекпи? Анда төмөнкү чечимдердин аткарылышын келтирели.

Ысык-Көл районунда жайгашкан “Эмка” айыл чарба кооперативине байланышкан сатуу-сатып алуу келишими боюнча анын ээси Токталы Мүлкубатов менен сатып алуучу Жолоочу Кадыркуловдун ортосунда талаш келип чыгат. Негизи биздегидей адамдардын укуктук сабатсыздыгы, дагы тагыраагы – укуктук нигилизми өкүм сүргөн мамлекеттерде мындай талаштардын болуусу табигый нерсе. Бирок, кеп талашта эмес, ал боюнча чечимдердин кабыл алынуусунда жана алардын аткарылуусунда. Мында да проблемалар жетиштүү.

Ысык-Көл райондук соту (судья А.Маматов) бул талаш боюнча “Эмка” АЧКдан (Т.Мүлкубатовдон деп түшүнсө болот, анткени кооперативдин ээси ал) 2014-жылдын 27-январында Ж.Кадыркуловдун пайдасына (?) келишимдин талаптарын аткарбагандык үчүн 2 443 025 сом, мамлекеттик алым катарында 244 302 сом өндүрүү чечимин чыгарат.

Ысык-Көл  облустук  соту  (төрагалык  кылуучу  судья Б.Асанбаев, судьялар М.Шамбетова жана У.Шерипов) ал чечимди өзгөртүүсүз (?) калтырат жана Т.Мүлкубатовдон дагы 122 151 сом мамлекеттик алым өндүрүү чечимин чыгарган.

Ушул жерден дароо айта кетсек, көлдүк судьялар экономикадагы “ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдойлу!” деген ураанды жердештерди колдойлу деп түшүнүп алышканбы, айтор, алар көлдүк эмес жаран Т.Мүлкубатов менен мүлктүк талашта көлдүк жаран Ж.Кадыркуловду “колдоо үчүн” мыйзамга ылайык келбеген ушундай чечимдерди чыгарышкандай.

Азыр бул жөнүндө айта берүүгө болот, анткени кийинки соттук инстанциянын – Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы (төрайымдык кылуучу судья Г.Үмөталиева, судьялар М.Мельникова жана Б.Батыралиев) 2015-жылдын 12-февралындагы токтому менен алардын бул чечимдерин жокко чыгарган. Иш боюнча жаңы чечим кабыл алышкан, аны менен Ж.Кадыркуловдун “Эмка” кооперативинен 2 443 025 сомдук карызды өндүрүү доосун канааттандыруудан баш тартылган.

Бирок, бул чечимди чыгарып жатканда соттук коллегиянын мүчөлөрү “Тазбайматтай” болушуп, башкы нерсени– мындай учурда милдеттүү болгон мамлекеттик алымды Ж.Кадыркуловдон өндүрүү жөнүндө токтомдо көрсөтүүнү “тарс унутушкан”.

Кийин Т.Мүлкубатовдун арызы боюнча “эсине келишип”, ушул эле курамда соттук коллегия КРнын жарандык кодексинин 206-беренесинин 2-пунктуна ылайык, соттук отурумда кароо менен 2017-жылдын 19-июнундагы аныктамасы менен Ж.Кадыркуловдон биринчи инстанциядагы сотто кароо үчүн – 244 302 сом, апелляциялык инстанцияда кароо үчүн 122 151 сом, жалпысынан – 366 453 сом мамлекеттик алым өндүрүү чечимин чыгарган.

Жогорку соттун судьялары го кечигип да болсо, өз каталарын оңдошту. Ошентип иштин андан аркы тагдыры – мамлекеттик алымды жоопкерден өндүрүү сот аткаруучуларга өткөн. Адатта, мамлекеттик алымды өндүрүү милдети сот аткаруучулар кызматынын жергиликтүү бөлүмүнө тапшырылат эмеспи. Мындайда төлөмдөрдү баса калчу жана төлөмдү өндүрүү үчүн жоопкердин үй мүлктөрүнөн бери эсепке алып кирчү сот аткаруучулар кызматы ушул мамлекеттин пайдасына мамлекеттик алымды өндүрүүгө келгенде кайрадан көлдүк судьялардын жердешчилик ураанын жетекчиликке алышкандай. Болбосо, мындай аткаруучулук “кашаңдыкты” кантип түшүнүүгө болот? Анткени, былтыр 19-июндан азырга чейин алар Ж.Кадыркуловдон мамлекеттик алымды өндүрүүгө аракет көрүшмөк түгүл, аны эскертип да коюшпаган.

Мүмкүн,  мунун  биз  билбеген,  түшүнбөгөн  себептери жөнүндө Жогорку сотко караштуу сот департаментинин директору Рустам Ибраимов түшүндүрүп береттир? Биз ага да кайрылып жатабыз.

Баса, Жогорку соттун 2015-жылдын 12-февралындагы ошол токтому күчүнө киргенден кийин кооперативге тиешелүү, бирок, Ж.Кадыркулов ээлеп турган имараттардан аны чыгаруу боюнча Ысык-Көл райондук соту (судья М.Акматова) 2017-жылдын 15-майында чечим чыгарган. Бирок, дагы эле “жердешчилик” сезимдер ойноп кеттиби, Ж.Кадыркулов тарабынан кооперативдин мүлктөрү таланып-тонолуп жатат дегенине карабастан, Ысык-Көл облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 31-октябрында – 5 айдан (!) кийин гана чечим чыгарган.

Ал  мыйзамдуу  күчүнө  кирген  чечимди  аткартуу  үчүн Т.Мүлкубатовдун менчик укугун пайдаланууга тоскоолдуктарды четтетүү менен мажбурлоо жолу менен чыгаруу боюнча Ысык-Көл райондук сотунун (судья М.Акматова) аткаруу барагы 2017-жылдын 7-декабрында чыгарылса да, аны сот аткаруучулар кечээ жакында зорго аткарышты.

Дагы бир жаран Б.Алтымышева Т.Мүлкубатовдон 22 миң доллар карызын алдым деп Ысык-Көл ИИБсынын начальнигинин наамына тергөөчүнүн көзүнчө тилкат жазып берген. Кийин кайра алган жокмун деп танып, сотко берген. Бул жерде баягы эле Ж.Кадыркулов аралашкан, соттук талаштарда өкүлү да болгон.

Бул  боюнча  баары  ачык  болуп  турганына  карабастан,  Тоң  райондук  соту  (судья  А.Алиев) Ж.Кадыркуловдун “баш айлантмасына” чалдыктыбы, айтор, 2016-жылдын 28-апрелинде Т.Мүлкубатовдон Б.Алтымышеванын пайдасына 991 643 сом, мамлекеттин пайдасына 99 164 сом мамлекеттик алым өндүрүү чечимин чыгарган.

Дагы жакшы, кийин Ысык-Көл облустук сотунун соттук коллегиясы (төрайымдык кылуучу Г.Алиева, судьялар Г.Кудабаева, А.Өмүралиева) 2016-жылдын 26-декабрындагы чечими менен ал чечимди жокко чыгарып, Б.Алтымышевадан биринчи инстанциядагы сот өндүрүшү үчүн 119 786 сом, экинчи инстанциядагы сот өндүрүшү үчүн 59 893 сом, бардыгы 179 679 сом мамлекеттик алым өндүрүү чечимин чыгарган. Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 2018-жылдын 29-январдагы токтому менен ал чечимди күчүндө калтырган. Ошентсе да Ж.Кадыркуловдун “таасири тийип” кеттиби, азыркыга чейин ал мамлекеттик төлөнгөнү жөнүндө маалымат жок.

Мына ушундан кийин Ж.Кадыркуловго карата Ысык-Көл райондук сотунун (судья Т.Жумаев) 2017-жылдын 26-декабрындагы аны КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмышты (“Ири өлчөмдө пара берүү”) жасагандыгы үчүн 500 миң сом айып пул салуу чечими (ырас, ал өкүм күчүнө кире элек, экинчи инстанциядагы соттун чечими чыга элек) күчүнө кирсе да, анын аткарыларынан күмөн саноого болот окшойт. Баса, аны кароону Ысык-Көл облустук соту ушул убакка чейин эмнеге создуктуруп жатканы да бизге табышмак. Балким, мында да жана жогоруда айтканыбыздай, судьялардагы жердешчилик сезими мыйзамдардан үстөмдүк кылып жатабы?..

Мына ушундай соттук чечимдердин аткарылбаган фактылары биздин сот бийлигинин кадыр-баркына терс таасирин тийгизип, аларга карата жарандарыбыздын ишеничин кетирип жаткан жокпу? Бул – риторикалык суроо!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *