Түштүк Корея: таасирленткен он күн

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”, Бишкек – Сеул – Бишкек


(Аягы. Башталышы өткөн сандарда)

Бул электр энергиясы жетпей тезек терүү өнөктүгү башталар кыштын алдында болгон окуя. Энергия тартыш болуп жатканын көрүп турган К.Бакиевдин башына электр энергиясын үнөмдөө кел-ген жок, кайра өзүнүн суукка чыдамдуу экенин көрсөткүсү келип, кондиционерлерди ашыкча иштетүү менен мактангандай болду.

–  Адамдын  психологиясы  бардык өлкөлөрдө бирдей, – дейт Чой Сан Хо. – Эгерде адам көп иштеп, бирок аз иштеген адам менен бирдей эмгек акы алса, анын эмгеги татыктуу бааланбаса, ал көп иште-генге аракеттенбей калат. Эгерде адам көп каражат таап жатса, анын тапканы башка адамдарга жумшалып жатса, ага стимул болбойт. Мисалы, көптөгөн өлкөлөрдө мамлекет артта калган региондорду колдоого алат, бирок натыйжа жок. Ошондуктан “Сэмаылда” көп жана жакшы иштегендерди колдоо принциби тандалып алынды.

Мен өзүмдүн 40 жылдан ашуун тажрыйбамдан улам мыкты мамлекеттик кызматкерлери бар өлкөдө гана өнүгүү боло турганына ынандым. А аларды мамлекет башчысы шыктандырууга тийиш.

Өз өлкөсүн сүйгөн адам өз жанынан коркпойт

Пак Чон Хинин 18 жылдык башкаруу-сунда Түштүк Кореянын ийгиликтери анын “абысынынын” – Түндүк Корея-нын лидерлерин тынч уктатпаган окшойт. 1968-жылы Корея элдик армиясынын 31 адамдан турган атайын багыттагы отряды Пак Чон Хиге кол салуу аракетин көргөн. Бирок, алар президенттин резиденциясына 800 метр калганда патруль тарабынан токтотулуп, бир тобу өлтүрүлүп, калганы колго түшүрүлгөн. Буга жооп кылып Түштүк Кореянын өкмөтү Түндүк Кореянын лидери Ким Ир Сенди өлтүрүү үчүн 684-команданы түзгөн. Ал 1971-жылы кайра жоюлган.

Пак Чон Хиге экинчи кол салуу 1974-жылы 15-августта Япониянын колониясынан бошотулган күндүн 29 жылдыгы белгиленген салтанатта президент элдин алдында сүйлөп жатканда жасалган. Түндүк Кореянын агенти делген Мун Се Гван жаза атып, октор президенттин аялы Юк Ен Суга жана жанаша турган кызга тийген. Президент-тин жубайы ошол эле күнү ооруканада каза болгон. Пак Чон Хи кол салууга карабастан, аялын тез жардам алып кеткенден кийин өзүнүн сөзүн уланткан.

Тагдырдын тамашасын караңыз, бул эки кол салуудан аман калган Пак Чон Хи өзү бийликке келер замат түзгөн Түштүк Кореянын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Ким Джэ Гю тарабынан 1979-жылы 26-октябрда атылып өлтүрүлгөн. Ким Джэ Гю тергөөдөгү суракта анын бул жоругуна президент өлкөдөгү демократия үчүн тоскоолдук жасаганы себеп болгонун айткан. Ким жана анын шериктештери соттолуп, 1980-жылы дарга асылуу менен өлүм жазасына тартылышкан. Бирок, азырга чейин алар иш жүзүндө кайсы өлкөнүн көрсөтмөсү боюнча президентке кол салганы табышмак бойдон калууда.

Түштүк Кореянын жашоосу жөнүндө баяндап жатып, анын дагы бир президентине байланышкан окуяны эскербей коюу га мүмкүн эмес. 2009-жылы 23-май-да 62 жаштагы экспрезидент Но Му Хен аскадан боюн таштап өлгөн. Анткени, ал президенттикке шайланаарда өлкөдөгү коррупция менен күрөшүүгө убада берген. Бирок, ал кызматтан кеткенден кийин анын үй-бүлөсүнүн (аялынын) коррупцияга аралашканы – бир бизнесменден пара алганы боюнча укук коргоо органдары тергөө ишин башташкан. Мындай уятка чыдабаган экс-президент жанагыдай кадамга барган.

Андан башка да Түштүк Кореянын соңку тарыхында эки президенти иштен кетишкенден кийин камакка алынып, уурдап алышты деген акчаларды кайра мамлекетке кайтарып берген фактысы бар.

А биздин мурдагы эки президентибиз уятынан аскадан боюн таштаганды мындай кой, бийликтен куулганынын себебин өздөрүнүн коррупцияга батканынан эмес, улам кийинки бийликтегилердин бийлик талашынан көрүшүп, азыркыга чейин кемчиликтерин моюнга албай келишет…

Абстракттуу идеологиядан конкреттүү иштер артык

Албетте, корей элинин жетишкендиктери боюнча аңгемени айта берсек, узакка созулат. Чынында кыска аралыкта артта калган өлкөдөн өнүккөн өлкөгө айланган, же өздөрү айткандай “донорлорго муктаж өлкөдөн өздөрү донорго айланышкан” Кореянын мисалы бизге сабак боло тургандай.

– “Сэмаыль” – идеология эмес, кыштакты өнүктүрүүнүн методологиясы , – дейт Чо Хван Бок. – Мен биздин өнүгүү тарыхыбызды самолетко салыштырат элем. Аны кимдир-бирөө башкарышы керек эле. Ошол учкуч президент болгон, а кыймылдаткычы – калк, аларды байланыштырган нерсе ынаным, канаттары – 5 жылдык пландар болгон. “Сэмаылга” келсек, ал баарыдан мурда – практика жана аракеттер.

Мына ушул жерден айта кетсек, биз, кыргыздар, канча жылдан бери улуттук идеологияны издеп, аны жалкоо кыргыздарды иштерман кылып, өз ара бөлүнүшкөн кыргыздарды баш коштуруп жиберчү сыйкырдуу таяк түрүндө элестетебиз. Ошондуктан колунан келгени да келбегени да идеология жазып, анан китеп кылып бастырып алып таратып жүрүшөт.

Биздин арабыздагы ошондой пикирдеги кыргыз угармандардын бири Чо Хван Бокко: “Кореяда улуттук идеология барбы?” – деген суроону берди.

Ал алгач көпкө түшүнбөй, котормочу улам кайталап түшүндүрүп жатып, акыры суроонун маңызын түшүнгөндө, кыска гана: “Демократия жана рыноктук экономикадан башка кандай идеология болушу мүмкүн?”, – деп жооп берди. Бул жанагы биздеги карайлап идеология издеген, ар кандай акылдуу сөздөр менен кооз жазылган жана карапайым бир да кыргыз окуп койбогон, окуса да түшүнбөгөн нерселерди сунуштап жатышкан өздөрүн “акылдуу сезишкен” кыргыздарга да жооп болсо керек.

Менин оюмча, биз өз тарыхыбызды жомокко айландырып жазып жүрсөк, корейлер бүгүнкү турмушун жомокко айландырып алышыптыр.

Башкасын айтпаганда да, балтасы жанында жүргөн кыргыз совет мезгилинен калган токойлорду, бак-дарактарды кыркып, жерлерди “жылаңачтап” жатса (Бишкекте эле канчалаган бак-дарактар, атүгүл, парктар кыркылып, ордуна жеке менчик үйлөр курулуп кетти), корейлер Пак Чон Хинин демилгеси жана өзү баш болуп, бөксө тоолорунун жондоруна чейин бак-дарактарды тигип салышкан. Азыр бак-дарак өспөгөн жылаңач тоо жок.

Алар эч качан 5 миң жыл мурда мамлекетке ээ болушканын да айтып мактанышпайт экен. Кайра ошончо убакытта өнүкпөгөн тарыхын көп айта беришпей, азыркы ийгиликке жеткизген 1960-жылдардан кийинки тарыхын даңазалашат.

Идеология демекчи, алар ар бир ишти эртең менен өлкөсүнүн гимнин ырдоо менен баштаганды салтка айландырышкан. Он күн аралыгында “Семаылдын” гимни менен кошо бизге Кыргызстандын гимнин да ырдатыша берип, бизди патриоттуулукка тарбиялап койгондой болду. Арабызда өлкөбүздүн гимнинин текстин билбегендер (андайлар кыргызстандыктарда четтен чыгат эмеспи) уялып калышкандай сезилди мага.

Корейлердин дагы бир адатын кыргыздар үйрөнүп алышса, ашыкча болбойт. Алар  бир  ишти  баштоо  алдында,  аны сөзсүз аягына чыгарууга ант беришет. Корея Республикасынын экономикасынын 1960-жылдардын аягында жылына орточо 25 пайыздан, а 1970-жылдардан кийин жылына 45 пайыздан өсүп турганынын бир себеби мына ушунда болуп жүрбөсүн?!

Өнүгүүдөгү адам психологиясынын ролу

Чой Сан Хо бизге андан башка да бир катар кызыктуу пикирлерди айтып берди.

– “Сэмаыль” баарынан мурда корейлердеги фатализм (тагдырдын жазганы деп баш ийүү жана андан чыгууга аракеттенбөө – М.Т.) психологиясын жеңди, – дейт ал. – Бизде ага чейин адамдарда өздөрүнүн тагдырын оңдой алышпай тургандыгы, баары Кудай тараптан алдын-ала жазылгандыгы маанайы бар болчу. Ошондуктан адамдар өз турмушун оңдоого аракет кылышпаган.

Экинчиден, өкмөткө кол сунуп карап отура беришчү. Үчүнчүдөн, ишке шалаакы мамиле, алкоголдук ичимдиктерди ичүү, кумар оюндарын ойноо — айылдардагы жашоодогу жаман адаттар болгон.

Төртүнчүдөн, ашынган эгоизм, өз кызыкчылыктарын гана ойлоо үстөмдүк кылган. Калктын психологиясындагы ушуларды жеңүү менен гана биз ийгиликтерге жетише алдык. Анан да корейлерде сөз менен иштин ортосундагы ажырым жок болду.

Жакыр өлкөлөрдө адамдар Өкмөткө ишенип отура беришет. Анткенде алардын турмушунда эч качан өзгөрүүлөр болбойт. Адамдын өзүндө өзгөрүү болмоюн, турмушунда да өзгөрүү болбойт. Анан да жакырчылыкты жоюу – бул аракеттер. Адам түшүнүп турса да аракет кылбаса, анын жашоосу жакшырбайт.

Чой Сан Хонун мындай ой жүгүртүүлөрүн ырастагандан башка арга жок.

Азыркы Түштүк Кореяда жаңы кыштак үчүн кыймыл, жалпы элдик кыймыл болуп калганын сөз кылдык. Бир караганда, азыркы өнүккөн Түштүк Кореянын шарттарында өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүтүп калгандай көрүнгөн “Сэмаыль” кыймылы эми тарыхтын текчесинен орун алып калууга тийиш эле. Бирок, корей бийликтери бир убакта өлкөнү кризистен алып чыккан бул чыныгы элдик демилгеге айланган “Сэмаылдын” өлкөнү өнүктүрүү үчүн ролун татыктуу баалоо менен аны өзүн өркүндөтүп жана улантып келишүүдө.

Корейлер “Сэмаылдын” тажрыйбасынын натыйжасында бүтүндөй Түштүк Корея боюнча өз ара жардамдашуу жана баш кошуу принциптеринин негизинде адамдарда жамаатка таандуулук сезими жаралганын жана мамлекеттик деңгээлде кыйынчылыктарды жеңүүгө жөндөмдүү система пайда болгонун айтышат.

Ал  айтылганды  тастыктоо  үчүн 2008-жылдагы кризис убагында жарандардын өлкөнүн кризистен чыгып кетиши үчүн өз алтын буюмдарын ыктыярдуу мамлекетке тапшырышканын мисал келтирүүгө болот.

“Жаңы кыштак үчүн” кыймылы азыркы учурда өзүнүн аракеттенүү чөйрөсүн улам кеңейтүүдө. Заманбап талаптардан улам экологиялык таза чөйрөнү сактоо үчүн – “Жашыл Корея үчүн” кыймылы пайда болду. Анын максаты корей элинин таза экологиялык чөйрөдө жашашына жана экологиялык таза тамактар менен азыктанышына кам көрүү. Ал үчүн экологиялык таза продукцияларды өндүрүүнү мамлекеттик колдоо менен катар эле адамдарды андай продукцияларды керектөөгө үндөө иштери да жүргүзүлүүдө.

“Акылдуу  Корея”  кыймылы  – билимдүүлүктүн жалпы деңгээлин көтөрүү максатын көздөсө, “Бактылуу Корея”! кыймылы – социалдык жана маданий турмушту жакшыртууга багытталган. Ушул жана башка кыймылдар жалпы улуттук кыймылдарга айланышты жана заманбап чакырыктарга, талаптарга жооп берүүдө.

Бир активисттин таржымалы

Биз “Сэмаыль” кыймылынын бир активистинин таржымалын да уктук. Чжон Мун Чжа турмушка чыккандан кийин күйөөсү экөөсү тоолуу кыштакта жашашкан. Алар турмушун жакшыртуу үчүн жан аябай иштешсе да өзгөчө жылыш болбогон.

Акыры алар андан чоң кыштакка көчүп келишет. Ал жерде 10 мүчөсү болгон аялдардын уюму иштеп, анын мүчөлөрү кыштактагы жашоону жакшыртуу аракетин көрүп жатышкан экен. Чжон аларга кошу-луп, кийинки жылы лидерликке шайланат.

Алар  аздык  менен  иштеп  отурушуп, ортого  чогулган  каражатты  андан-ары максаттуу пайдалануу менен кыштакты өнүктүрүүгө жетишишет. Өз каражаттарына дарактардын көчөттөрүн сатып алышып, тоолорду жашылдандырышат.

Анын  мындай  ийгилиги  мамлекет башчы тарабынан кубаттоого алынып, ал эч кандай жогорку билими жок болсо да, уюштуруучулук жөндөмү бааланып Сеулдун бир ири муниципалитетине жетекчиликке дайындалган. Бул кызматта узак иштөө менен азыркы учурда пенсияга чыккан.

Бул мисал, Кореядагы кадр тандоодо адамдын жетишкен натыйжалары чоң роль ойной тургандыгын көрсөтүп турат.

Өсчү улут өнүккөн өлкөдөн үлгү алат…

Макала аягында кошумчалай кетсек, Мьянма, Малави, Уганда, Кения, Лаос, Либерия, Монголия сыяктуу мамлекеттердин башчылары келишип, Түштүк Кореянын “Жаңы кыштак” кыймылы менен өздөрү жеринде таанышып кетишкен. Андан кийин бул тажрыйбаны өз өлкөлөрүндө жайылтуу аракеттерин көрүшүүдө.

Мисалы, Монголиянын президенти Ца-хиагийн Элбегдорж “Сэмаыль” борборунда болуп кеткенден кийин өз өлкөсүндө дарактын 1 миллион көчөтүн отургузуу демилгесин ишке ашырган.

Албетте, биздин тренинг учурунда тренерлер айтышкандай, бир мамлекеттин тажрыйбасын толук бойдон экинчи мамлекетке көчүрүүгө мүмкүн эмес. Андай кылганда натыйжасыз болуп калышы да толук мүмкүн. Бирок, “Сэмаыль” кыймылынын принциптерин негиз кылып алууга же аларды өз элинин менталитетине, шарттарына жараша ыңгайлаштыруу менен пайдаланууга эмнеге болбосун?

Азыр корейлер “Сэмаылды” Кыргызстанга да сунуштоо менен аны киргизүүгө аракеттенип жатышат. Түштүк Кореяны артта калган өлкөдөн алдыңкы өлкөлөрдүн бирине айланткан кыймыл эми Кыргызстанда тамырын жая алаар бекен?

Же каныбызга сиңген орустардын “ишенбеген Фома” жана кыргыздардын курулай төшүн кагуу менен башкалардан үйрөнбөө, өзүбүздүн жалкоолугубузду да мактана берүү, эч аракет кылбоо психологиясы үстөмдүк кылабы?..