Мектепте телефон колдонууга тыюу салынышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети мектеп окуучуларына телефон менен сабакка кирүүгө тыюу салуу боюнча токтом долбоорун карайт.

Токтом долбоорунун автору — депутат Махабат Мавлянова.

Авторлордун белгилөөсү боюнча смартфондор аркылуу балдар интернеттеги терс таасири көп дүйнөгө азгырылып, алар мектепте сабакка көңүл бурбай телефондорун колдонгон учурлар көп катталууда. Долбоор авторлору смартфондорду мектеп аймагында колдонууга тыюу салууну сунуштап жатышат.

Ошондой эле бүгүн аталган комитетте окуучулардын мектеп формасы боюнча да сөз болот. Токтомдо окуучуларга кыска юбка кийүүгө, боёнууга, мектеп эрежелерине туура келбеген кийимдерди кийүүгө тыюу салуу тууралуу да сунуш берилген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *