Ошто мыйзамсыз өткөн тендер аныкталды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузуу менен келишим түзүп, мамлекеттик сатып алуу жүргүзгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитеттен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы 2017-жылдын 29-сентябрында Ноокат районундагы мектептердин бирине спорт зал жана көмүр отказанын куруу боюнча 16 млн. 990 миң 214 сомго тендер жарыялаган. Аны алты катышуучу фирманын ичинен “Икар-А” ЖЧК жеңүүчү деп табылган. Тергөө учурунда бул фирма тендерге эң көп сумма сунуштаган.

Натыйжада сынак “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын бузулушу менен өткөн деп жыйынтык чыккан.

Факты боюнча атайын кызмат топтогон материалдардын негизинде Ош облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызматтык абалынан кыянат пайдалануу») жана 306-беренеси («Өлкө кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу») менен кылмыш иши козголду.