«Ош» базарындагы өрттөн жабыр тарткан соодагерлер Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты

Өкмөт үйүнүн алдында 14-апрель күнү «Ош» базарындагы өрттөн зыян тарткан соодагерлер митинг өткөрүп жатышат.

Соодагерлер өкмөт мүчөлөрүнүн бири чыгып, сүйлөшүүсүн талап кылып жатат. Сатуучулардын айтымында, өрт чыккан “Берекет” базарынын жетекчиси Бакытбек Бегалиев чыгымдарды төлөп бере албай турганын айткан. Митингчилердин айтымында, өрткө жол берген базардын жетекчиси жазага тартылып, келтирилген зыянды төлөп бериши керек.

Эске салсак, 14-апрелде Бишкектеги Ош базарында өрт чыгып, 5200 чарчы метр аянтты жалмаган. ӨКМ базар атайылап өрттөлгөнүн айтып, милиция кылмыш ишин козгоду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *