Биз качан кыймылдайбыз же башкаларга кол чаап коюп отура беребизби?

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»


Белоруссиянын президенти А.Лукащенко атка минерлерин алдына жыйып алып, республика боюнча айыл-кыштактардын жашоо деңгээлин, тейлөө маданиятын шаарларга теңөө, башкача айтканда шаар менен айылдын айырмасын жоюу милдетин тапшырып, республиканын бүтүндөй ресурсун ушул багытка буруу маселесин койду. Минтип өнүгүүнүн өрүндө бараткан Белоруссия, айрыкча анын мыкты салынган жолдору, шаарга теңелүү алдында турган айыл-кыштактары тууралуу Россиянын борбордук басма сөзү суктануу менен жазып жатат.

Кур дегенде жети облуста жети шаар оңдолсо…

Биздечи?  Белгилүү  болгондой  Президент  Сооронбай Жээнбеков тарабынан быйылкы жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланган. Президенттин бул жарлыгы “бизди шайлоолордо эле эстейсиңер” деп ачык-жабык сөз кылып турчу элет элине майдай жакты. Аймактарды өнүктүрүү – бул бир гана элетти өнүктүрүү эмес, бүтүндөй мамлекетти алдыга сүйрөп чыгууга жөндөмдүү саясий-экономикалык, социалдык багыт экенин аңдап турабыз.

Эми иштин аткарылышына келсек, аталган жарлыктын 2-пунктунун  2-бөлүгүндө   2018-жылдын 15-апрелине  чейин  региондорду  өнүктүрүүнүн  учурдагы  программаларынын ишке ашырылышын талдап чыгып, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары  менен  бирге оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү айтылган болчу. Бирок, “Аймактарды өнүктүрүү жылындагы” жер-жерлерде  аткарылчу  иштердин такталган иш-пландары, сунуштар тууралуу жалпы коомчулук азырынча  тааныш  эмес.  Мына жарлыкта белгиленген 15-апрель  деле  кирип келди.  Жети  облуста  кандай  иштердин  аткарылышы мерчемделип жатканын  күтүп калдык.

“Аймактарды өнүк түрүү”  саясаты  аймактардын  комплекстүү өнүгүүсүн  камтыган, узак  мөөнөттүү  долбоор. Бардык ишти дароо бүткөрүп жи-бергендей мамлекет сыйкырчы эмес. Андыктан сөзүбүздү тегин жеринен Белоруссия нын бул жааттагы иш-аракетинен баштаган жокпуз. Анткени, айыл-кыштактарды шаар га теңдештирүү үчүн белгилүү бир деңгээлде база зарыл. Балким, Европа менен ирегелеш турган бул өлкөнүн айыл-кыштактарында маданий-экономикалык түптөлгөн база  бардыр.  Биздин  шарт  таптакыр  башка.  Ошондой  болсо да бизде деле анча-мынча өнөр-жайы, инфраструктурасы сакталып  калган  шаарлар  жок  эмес.

Кезегинде Сооронбай Жээнбеков премьер-министр  болуп  турганында “Аймактарды 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн концепциясы” кабыл алынып, ага 20 шаар киргизилген. Ток  этер  жери,  “Аймактарды өнүктүрүү” жылында, кур дегенде жети облустан бирден шаарды өнүктүрүп алсак, бардык ресурсту ушул жакка багыттасак, дегенди айтып жатам. М: Токмок, Каракол, Балыкчы, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Кара-Суу, Кадамжай, Таш-Көмүр ж.б.

Колубуздан келчү эле иш

Бул шаарларда кыйратып жибербесе  дагы   социалдык, өндүрүштүк инфраструктура, финансы,  коммуникациялык  жана маалыматтык тейлөөлөр бар. Буга кошумча сөзсүз кайра иштетүү ишканаларын ушул шаарларга куруу керек. Ошону менен бир жылдын ичинде ар бир облус бирден шаарды “гүлдөтүп” жиберсе “Аймактарды өнүктүрүү” саясаты атка минди дегендикке жатмак! Элдин ишеними артып, эң башкысы элет жанданып, мындай өнүгүү жолуна түшкөн шаарлар тегерек-четиндеги айыл-кыштактарды алдыга сүйрөп кетмек. Миңдеген жумушчу орундары пайда болмок. Ички, тышкы  инвестиция  тартылса  каражат жагы деле чечилмек. Биздин багыбызга,  бакыйган  “Кыргыз-орус” өнүктүрүү фонду турат. Болгону аракет, чечкиндүүлүк, жер-жерлердеги жетекчилердин элди уюштура жана багыттай билүүсү керек!

Таарынышпасын, азыр республикага таанылган бир дагы райондун акимин же облус тардагы ыйгарым укуктуу өкмөттүн өкүлдөрүн айта албайбыз. Стакеңдин (Сталин) “кадрлар баарын чечет”  деген  сөзүн эске  алууга  убакыт келди. Болбосо, жер-жерлердеги иштин  көзүн  таба билген, уюштургуч,  такшалган  кадрларсыз  “Аймактарды өнүктүрөбүз”  дегенибиз суу кечпей калат.

Айтматов демекчи…

Бул жылдын бир топ айларын өткөрүп  койдук.  Чымыркансак  “Аймактарды  өнүктүрүү” демилгесинин  алкагында  көзгө көрүнөрлүк көп эле иш жасаганга үлгүрөт болушубуз керек. Дагы мисал келтирсем, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Жизак облусундагы “Манас” айылын 45 күндүн ичинде гүлдөтүп салды. “Ал жерде  карапайым,  эмгекчил,  ак ниет  эл  жашайт”  деген  Ш.Мирзёевдин сөзү менен кыймылга келген өзбек бийлиги аталган шаарды таанылгыс кылып өзгөртүп, бардык инфраструктурасы бар шаарга айлантты. Бир жагынан “Манас” шаарынын калкы негизинен кыргыздардан турат экен. Мындай кадамы менен Президент Ш.Мирзиёев кыргыз-өзбек алакасын дагы бир жолу жакындатып койду. Андан да кызыгы М.Мирзиёевдин жарлыгына ылайык быйыл 90 жылдыгы белгилене турган улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун маа-ракеси Өзбекстанда мамлекеттик деңгээлде белгилене турган болду. Анда Ч.Айтматовдун ысмын Таш-кенттин борбордук көчөлөрүнүн бирине берүү, эстелигин коюу, чыгармаларын өзбек тилинде чоң тираждарда басып чыгаруу, Айтматов тууралуу документалдуу кино тар-туу белгиленгени айтылат.

Өзбек коңшуларыбыздын мындай аракетине ыраазычылыктан башка сөзүбүз жок. Жакшылык унутулбайт окшойт учурунда Ч.Айтматов СССР кезинде “Өзбекское дело” аталып, чоң резонанс жараткан иш боюнча “Правда” гезитине макала жазып, карапайым өзбек элин төшүн тосуп коргоп чыккан. Өзбек туугандарыбыз  Ч.Айтматовдун ушул кайратын дайыма белгилеп келишет.

Айтматов демекчи, өзүбүзгө келсек улуу жердешибиздин мааракесине карата 52 иш-чара пландалып, 82 млн.сом каражат бөлүнүптүр. Мааракенин алкагында Талас облусунун Шекер айылында Чыңгыз Ордо маданий комплексин куруу ка-ралган менен анын долбоору даяр болбогондуктан, бул объектини бүткөрүү Ч.Айтматовдун 100 жылдыгына калды деген сөздөр айтылууда. Депутат Садык-Шер Нияздын айтымында  мындан  тышкары Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча эки кино тартылмак экен ал дагы кечиктирилип жатыптыр. Ошондо кандай болуп калат? Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын улуттук жана эл аралык деңгээлде белгилөө боюнча Президенттин жарлыгы чыкканы-на  (2017-жылдын  21-апрели)  аз күндө бир жыл болот. Андан бери тиешелүү мамлекеттик органдар текей терип жүрдүбү деген суроону кимге беребиз? Деги биз качан кыймылдайбыз  же  коңшуларга,

айрым  арабасы  алдыга  кеткен өлкөлөргө  кол  чаап  коюп  отура беребизби?