«Силердин өлкөдө свет барбы?» деген күлкүлүү суроолорду беришчү

Маектешкен Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Дүйнөдө көптөгөн эл аралык долбоорлордо ыктыярчылардын кошкон салымы абдан чоң. 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында да ыктыярчылар кызмат көрсөтүшкөн. Алардын ичинен эсте калганы ыктыярчылар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен биргеликте, «Кырчын» жайлоосундагы, «Көчмөндөр ааламы» фестивалы болуп өткөн аймакты тазалашканы. Натыйжада ал жерден эки автоунаа менен 60 тоннадан ашык таштанды чогултулганы маалымдалган болчу. Бул жолку оюндарда да көрүнбөгөн, бирок маанилүү кызматты аркалаган ыктыярчылардын ролу тууралуу көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын кызматкери Союзбек Надырбеков менен маек курдук.

– Көчмөндөр оюндарында ыктыярчылардын ролу кандай?

–  Негизи  ыктыярчыларды  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүзү катары бааласак болот. Себеби ыктыярчынын баскан-турганы, өзүн алып жүрүүсү, аткарган иши менен конокторду тосуп алуусунан улам, кандай деңгээлде даярдыгыбыз бар экенин көрсөтө алабыз. Ошондуктан, катчылыктан команда менен сүйлөшүп, ыктыярчыларды кылдаттык менен тандоону эп көрдүк. Албетте, а дегенде эле сөзсүз түрдө тил билүүсү зарыл. Андан тышкары, буга чейин ыктыярчылык тажрыйбасы бар болушу, коомчулук жана команда менен иштей алуусу зарыл. Ыктыярчыларды тандап алуу милдети, координациялоо катчылыкка жүктөлгөн. Аны жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат жана туризм министрликтери, Кызыл жарым ай коому менен биргеликте жүргүздүк. Анда жогоруда аталып кеткен талаптардан тышкары, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында маданият, илим, спорт тармактарына көңүл бөлүнүп жаткандыктан алар тууралуу түшүнүгү болсо артыкчылык берилди.

Ошондой эле мурдагы оюндарга катышканына, башкача айтканда тажрыйбасына, конфликтик абалда туура чечим кабыл ала билүү, лидерлик сапаттарына карадык, а бирок ошол эле учурда “мени эмне башкарып жатат” дебестен, командада иштеше билүүсүнө көңүл бөлдүк. Себеби, көпчүлүк жасаган иште иерархия болбосо, жыйынтык чыкпай калат.

Көчмөндөр оюндары – эл аралык долбоор. Анын негизги принциптери боюнча эл аралык катышуучулар, уюштуруучулар, ошондой эле ыктыярчылар  болушу  шарт.  Мисалга  алсак, футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка өз каражаты менен ар кайсы мамлекеттерден ыктыярчылар келип, алар тамак-аш, атайын экипировка менен камсыздалат. Ошондуктан бул оюндарга биз да чет өлкөдөн ыктыярчыларды тартуудабыз. 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 1 адам чет өлкөдөн ыктыярчы катары келсе, бул жолу 40ка чукул ыктыярчы келүүсү күтүлүүдө.

– Өзүң канчанчы жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ыктыярчы катары катышып жатасың?

– Мурдагы өткөн оюндарга ыктыярчы катары катышкам. А бирок анда атайын тандоодон өтүп, расмий ыктыярчы катары эмес, өлкө боюнча жаштар уюмдары, студенттик кеңештердин

жетекчилери Бишкекке чогулуп, жайы боюу маалыматтарды жаюуда, флеш-мобдорду уюштурууда жардамдаштык. Себеби, өлкө ушундай чоң долбоорду өткөрүп жатса, четте карап турууну каалабадык. Негизинен анда биз ыктыярчы катары эмес, уюштуруучу катары болууну максаттап, “Кырчында” көпчүлүк болгондуктан атайын кызматтар жетишпей, биз да таштандыларды саат сайын тазалап турдук. Мындай алганда ыктыярчынын жумушу конокторду тосуп, аларды багыттап туруу. А биз тамактан калып жатсак да шамалда учуруп кеткен баннерлерди ордуна келтирип, сел болуп кетип, ага көмөк көрсөтүп жүрдүк. Негизи эле болгон араке тибиз менен чын дилден иштеп бергенге аракет кылдык. Ошонун арты менен 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары тарабынан сунуш түшүп, ушул жакта иштеп калдык.

– Жогоруда чет өлкөдөн 40 ыктыярчы келүүсү күтүлүп жатканын айттың. А негизинен жалпы канча ыктыярчы болот?

– Жалпы 500дөн ашык ыктыярчы болот. А бирок резерв менен болсун деп 600дөй ыктыярчыны алып жатабыз. Алар үч этап менен тандалып алынууда. Алгач онлайн түрүндө катталышты. Андан кийин атайын сүйлөшүү жүргүзүлдү. Эми үчүнчү этабында алар Кызыл жарым ай коому менен биргеликте уюштурулуп жаткан атайын окуудан өтүшөт. Анда ыктыярчы деген эмне? Этикет, протокол боюнча базалык окуулар жүргүзүлөт. Андан тышкары, көчмөндөр оюндары боюнча маданият, спорт, билим багыттары боюнча окутулат. Ошондой эле эң негизгиси – биринчи жардам көрсөтүү ар бир ыктыярчыга үйрөтүлөт.

– Ыктыярчылар десе, бекер иш алып барышат деп түшүнөбүз да. Анан ушундай чоң долбоорго алардын келип жатышына эмне стимул бар?

– Эл аралык долбоорго катышып, өздөрүнүн тажрыйбасын өстүрүп, байланыштарды түзүү негизги стимул болуп эсептелет. Экипировка, тамак-аш деген сыяктуу нерселери бекер болот. Аларга эч кандай каражат төлөнүп берилбегени менен мурунку оюндарга катышкан ыкты-ярчылар Президенттин колунан ыраазычылык баракчаларды алган. Бул жолкуда да ошондой чоң деңгээлде иш чара уюштурулуп, ыраазычылык билдирилет. Андан тышкары, жумушка орношо турган болсо, сунуштама кат бере алабыз. Анан баягы кыргыздарда айтып коет эмеспи “кылганың мен үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн” деп. Анын сыңарындай, бул жактан эбегейсиз тажрыйба топтоп, керектүү байланыштарды түзүп, ошол эле учурда команда менен иштеше билүү, коммуникациясын жогорулатууга кенен мүмкүндүк болуп берет десек болот.

Андан тышкары мурдагы оюндарда эске алынбай калган, убакыт жетишпей калган мүчүлүштүк бар. Бул жолу аны жоюуп, катчылык менен биргеликте тийиштүү топ түзүп, аймактарды кыдырып  жаштарга  көчмөндөр  оюндары  тууралуу маалымат берип келдик. Ошондой эле, ар бир аймактан ыктыярчыларды да топтоп жатабыз.

– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары абдан чоң маанидеги долбоор. Ошондуктан анын “өткөрбөй эле койсок болмок” деген каршылаштары да жок эмес. Бул боюнча жеке пикириң кандай?

– Өзүмдүн жеке оюмду айта турган болсом, бул Кыргызстандын чет жактардагы имиджин көтөрө турган долбоор деп эсептейм. Мурда чет жактарда окууга чыкканымда, “Кыргызстан деген өлкө барбы? Ал каякта? Силердин өлкөдө свет барбы?” деген күлкүлүү суроолорду беришчү. Андан  кийин  2010-жылдардагы  окуялардан кийин бизди коркунучтуу өлкө катары кабыл алып  башташты.  Ал  эми  оюндардан  кийин, өзү  кичинекей  болгону  менен  олимпиадага альтернативдүү иш чара өткөрө алган, туристтик аймак катары таанылып баштадык. Анын үстүнө оюндардын арты менен жол салынып, инфраструктуралар оңдолуп жатат. Ошондуктан мен оптимистик гана көз караштамын.

«Силердин өлкөдө свет барбы?» деген күлкүлүү суроолорду беришчү: 1 комментарий

  • Апрель 18, 2018 в 11:34 дп
    Permalink

    Азаматсыз!!! Ишиниздерге ийгилик Союзбек байке. Кыргызстанга салган салымыныз абдан чон , жана сизге тушумун берет деп чон умуттобуз.

Комментарии запрещены.