Финполго башчы болуп Болот Суюнбаев дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык, Осмонов Замирбек Бабакулович берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Премьер-министрдин дагы бир буйругу менен Суюнбаев Болот Турарович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.