Судьялар Административдик-процесстик кодексти колдонуудагы көйгөйлөрдү талкуулашты

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Белгилүү болгондой административдик сот өндүрүшү Конституцияда сот өндүрүшүнүн бир түрү катары каралган. Бирок, административдик иштер боюнча сот өндүрүшүн жөнгө салган өз алдынча мыйзам же кодекс буга чейин болгон эмес. Административдик иштер боюнча сот өндүрүшү 1999-жылдагы КРнын Жарандык процесстик кодексинин 26-главасында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелеринин негизинде жүргүзүлүп келген.

Административдик-укуктук ма-милелерден келип чыккан талаштар  боюнча  административдик сот өндүрүшүнүн тартибин, ошол талаш-тартыштарды сотто кароонун жана чечүүнүн процесстик прин-циптерин жана эрежелерин камтыган КРнын Административдик-процесстик кодекси (АПК) КРнын 2017-жылдын 20-январында кабыл алынып, 2017-жылдын 1-июлунан тартып колдонууга киргизилген.

Андан бери кыска мөөнөт өткөн дүгүнө карабастан, аталган кодекстин укук ченемдерин колдонуу боюнча жергиликтүү соттордо айрым бир суроолор келип чыккан. Андыктан АПКнын укук ченемде-рин бирдиктүү жана туура колдонуу ну камсыз кылуу максатында Жогорку сотто талкууга алынды.

Талкууга  Жогорку  соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары катышып, бир эле учурда жети облустун судьяларына видео байланыш аркылуу түз суроо берүү мүмкүнчүлүгү берилди. Иш чаранын өтүшүн КР Жогорку сотунун судьясы Бактыгүл Аманалиева жетектеди. Жыйынга Латвия Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, эл аралык эксперт Анита Ковалевски, Кыргыз Республикасындагы GIZ программасынын улуттук координатору Рустам Мадалиев, Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү Европа Биримдигинин долбоорунун эксперти Илгиз Приев катышты.

Жолугушуунун натыйжалуу болушун көздөп, алдын ала бардык облустардан, райондор аралык сотторду кызыктырган маселелер боюн-ча суроолор жазуу түрүндө кабыл алынган. Бирок, иш чаранын алкагында онлайн режимде жергиликтүү соттордон дагы суроолор келип жатты. Мисалы, жергиликтүү фемида өкүлдөрү соттук өндүрүштү токто-туу тууралуу жаңы кодекстеги жо-болорго токтолушту.

АПКнын 241-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, биринчи инстанциядагы соттун иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө жана доону кароосуз калтыруу тууралуу аныктамасы апелляциялык  тартипте  10  күндүк мөөнөттө  эмес, ушул  эле  Кодекстин 213-статьясынын  2-бөлүгү менен  аныкталган  30  күндүк мөөнөттө  датта-нууга  жатаары түшүндүрүп  берилди.  Ошондой эле ишти өз убагында кароо жана туура чечүүнү камсыз кылууда ишти соттук териш тирүүгө карата  даярдоо  баскычы  чоң  мааниге ээ экендиги жана бул баскыч милдеттүү болуп эсептелингенди-ги белгиленип, анын мөөнөтү доо соттун өндүрүшүнө кабыл алын-ган учурдан тартып эки айдан ашпоого тийиш экендиги, соттор ишти соттук териштирүүгө даярдоо тартибинде АПКнын 123-беренесинде көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жүргүзүү керектиги белгиленди. Иш үчүн зарыл болгон документтер алдын ала соттук отурумга чейин, ошондой эле алдын ала соттук отурумда же соттук териштирүүнүн жүрүшүндө да берилиши мүмкүн.

Иш  чаранын  катышуучула-ры алдын ала соттук отурумдун жүрүшүндө АПКнын 189-беренесинин негизинде соттук отурумга талаптагыдай кабар берилгендигине карабастан, доогер келбеген учурда доону кароосуз калтырууга жол берилбегендиги тууралуу түшүндүрмө беришти. Ошондой эле, ишти соттук териштирүүгө карата даярдоо баскычында доогер тарабынан административдик доону берүү мөөнөтү жүйөөсүз себептерден улам өткөрүлгөндүгү аныкталса,  бирок  соттун  сунушуна карабастан, аны калыбына келтирүү өтүнүчү келтирилбесе, сот иш боюнча башка жагдайларды иликтебестен иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама кабыл алууга укуктуу экендиги айтылды.

Катышуучулар АПКнын укук ченемдери соттор тарабынан бирдиктүү колдонулушуна, административдик иштер туура жана өз убагында  каралып,  чечилишине өбөлгө болот деген ишеничти белгилеп өтүштү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *