«Кыргызнефтегаз» өндүрүштүк өсүштү камсыз кылууга жетишти

2018-жылдын 12-апрелинде «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун (ААК) акционерлеринин 2017-жылдын жыйынтыктары боюнча чогулушу өткөрүлүп, анда 15 маселе каралды. «Кыргызнефтегаз» ААКтын акциясынын 85,16 пайызы республикалык мүлк фондусуна, 3,9202 пайызы социалдык фондго, калган 9,79 пайызы жеке тараптарга тиешелүү. «Кыргызнефтегаз» ААКта иштегендердин акциясы 2,1 пайызды түзөт. Чогулушка 400гө чукул акционер, тактап айтканда, 92 пайызы катышты.

Акционердик коомдун 2017-жылдагы финансы-экономи калык ишмердүүлүгү боюнча башкармалыктын төрагасы Рашит Бостоновдун отчету угулду.

Жылдын негизги көрсөткүчү болгон нефти өндүрүүнүн планы 2017-жылга 85000 тонна каралган. Жылдын жыйынтыгы менен 102700 тонна нефть өндүрүлүп, план 121 пайызды түзүп, 17700 тонна нефть ашыгы менен өндүрүлдү.

Пландагы 30 миллиондун ордуна 26 миллион 43 миң метр куб газ өндүрүлүп, жылдык көрсөткүч 86,8 пайызды түздү. Себеби негизги өндүрүштүк керектөөчү болуп эсептелген Майлуу-Суу лампа заводу жайкы убакта иштебей туруп калганына байланыштуу болду. Анткени, аталган завод план боюнча 14 миллион метр куб газ алуу белгиленсе, бар болгону 9 миллион метр куб. газ алган. Жыйынтыгында жылдык пландан 5 млн.метр куб. аз алынган.

Белгиленген бургулоо иштеринин планы аткарылбай калды. Анын негизги себеби, эксплуатациялык  колонналардын  келбей калышы болду. Мамлекеттик сатып алуу мыйзамынын негизинде 3 жолу тендер жарыялангандыгына карабастан тендерлер бузулуп, бургулоо иштерине пайдала-на турган колонналарды сатып алу-уга мүмкүнчүлүк болбой калган.

2017-жыл ичинде план боюнча 1 млрд. 574 млн. сомдук товардык продукция өндүрүү каралса, факт жүзүндө 1 млрд. 941 млн. сомдук товардык продукция өндүрүлүп, план 123 пайызга аткарылган. Ал эми 1 млрд. 583 млн. сомдук про-дукция сатуу белгиленсе, 1 млрд. 841 млн. сомдук сатылып, планга карата 116 пайызды түздү.

Ошону  менен  бирге  салыкка 492 миллион сом чегерилип, 2016-жылга салыштырмалуу 67,6 млн. сомго, соцфондго төлөм 221 млн. сомду түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 24 млн. сомго көп төлөнгөн.

Ал эми дебитордук төлөмдөр 53 млн. сомго, кредитордук карыз 159 млн. сомго азайды. Отчеттук жылда эмгек маяна төлөө фонду 594 млн. сомду түзүп, бир жумушчунун орточо айлык маянасы 21956 сомдон ашкан.

Баланстык киреше планга карата 204 пайызга аткарылды. Жылдын жыйынтыгы менен ишкананын таза кирешеси 587 млн. сомду түздү. Мунун негизинде 2017-жылдын жыйынтыгы менен акционерлерге берилчү дивиденддин көлөмү 146 млн. 970 миң сомдон ашып, ар бир акция үчүн 7 сомго жакын сумманы түздү. Бул өткөн жылдагыдан 2 сомго көптүк кылат.

Өткөн жыл аралыгында «Кыргызнефтегаз» ААК өз бюджетинин эсебинен карамагында турган балдар бакчаларына, лагерге жана ушул сыяктуу социалдык мекемелерге мурдагы жылдан көп суммада акча каражатын жумшаган.

Натыйжада башкармалыктын төрагасы Рашит Бостоновдун жыл ичинде аткарган иштер боюнча берген отчеттук маалыматы акционерлер тарабынан канааттандырарлык деп бааланды. Ошону менен бирге директорлор кеңешинин төрагасы Мелис Тургунбаевдин да отчету угулуп жана жактырылды.

Чогулушта белгиленген бардык маселелер каралып, талкууга алынды жана «Кыргызнефтегаз» ААКтын Уставына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесинен сырткары калган маселер боюнча берилген отчеттук баян дамалар жана маалыматтар акционерлер тарабынан оң баа берилип, кабыл алынды. Ошону менен бирге 2018-жыл үчүн директорлор кеңеши менен текшерүү комиссиясынын сарптала турган каражаттарынын сметасы бекитилди.

Жыйынтыгында  5  адамдан турган директорлор кеңеши, үч кишиден турган текшерүү комиссиясы кайрадан шайланды. Директорлор кеңешинин ошол күнкү отурумунда Мелис Тургунбаев кайрадан төрагалыкка шайланды. Ушул эле күнү «Кыргызнефтегаз» ААК-тын башкармалыгынын 5 кишиден турган мүчөлөрү жана башкармалыктын төрагалыгына кайрадан Рашит Бостонов шайланды.

Ш.КАЛЫКОВ