Айсулуу Тыныбекова Ислам шериктештиги оюндарынын чемпиону болду

Азербайжанда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова алтын байге алды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 21-май күнү Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Бул салмакта үч өлкөнүн күрөшчү кыздары айлампа тартибинде таймашты.

Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешинде түркиялык Дерия Байханды 10:0 эсебинде утту. Финалда азербайжандык Алёна Колесник менен таймашып, 5:2 эсебинде жеңип алтын медал тагынды.

 

Айсулуу Тыныбекова ушуну менен бир айдын ичинде экинчи жолу эл аралык мелдеште жеңүүчү болуп жатат. 13-май күнү Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда алтын байгенин ээси болуп, экинчи жылы катары менен Азия чемпиону наамын жеңип алган.