200 миң доллар пара алып кармалган прокуратура кызматкери ооруканага түштү

200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев ооруканага түштү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө айыпталуучунун кан басымы жогорулап кетип ооруканага жаткырылган.

Ал эми №1 ооруканадан аталган жарандын саламаттыгы текшерилип жатканын ырасталып, бирок абалы тууралуу маалымат берилген жок.

Чолбаев кечээ, 16-апрелде, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан колго түшүрүлгөн болчу.

Булак: Спутник