Ач тоюнат, ачкөз тоюнбайт, же кокодон алган коррупция

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Акыркы үч жыл аралыгындагы Финансы полициясы, Мамлекеттик салык кызматы, Бажы кызматы, Мамлекеттик каттоо кызматы, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөш кызматы, Бишкек шаардык архитектурасы ж.б. мамлекеттик мекемелердеги коррупцияга аралашкандардын узун тизмесинин ачыкка чыгышы, мамлекеттик кээ бир кызматкерлердин анык жүзүн көрсөтүп койду. Биз бери жагын эле айттык, жакын арада андан да ири эл аралык масштабдагы коррупциялык иштер ачыкка чыкчудай болуп калды.

Жакында эле УКМКнын коррупцияга  каршы күрөшүү кызматы Финансы полициясынын Кыргызстанда жеке ишкерлик менен алектенген кытай улутундагы жарандан 5 миң доллар талап кылган кызматкерин кармады. Бул “аты” мамлекеттик кызматкер “заты” боюнча кылмыштуу топко жакыныраак экен. Дегенибиз, ал эргул кытайлык ишкерге “каракчылык” жасоо алдында кылмыштуу топтор менен жең ичинен сүйлөшүп алганы жана алардын “кызматынан” пайдаланганы ачыкка чыкты, эми калганын укук коргоо органдары текшерип, анын кылмыш ишине жараша чечим кабыл алат деген ойдобуз.

Окурмандардын эсинде чыгар, мындан бир-эки жыл мурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын эки кызматкерин пара алып жатканда кармоо учурунда алардын жыйырма кесиптеши тоскоолдук жаратып, колу таза эмес кесиптештерине тилектеш экендиктерин ачыктап коюшкан. “Карга карганын көзүн чукубайт” болбосоң кое кал. Ошол эки жыл мурдагы маалыматка таянсак, көрсө финполдун кызматкери Бишкек тургунунан эки жыл бою ай сайын 120 миң сомдон коркутуп алып жүрүптүр. Ай сайын 120 миңден карматып отуруп, акыры кокосуна жеткенде гана барып, УКМКга кайрылып, алар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын эки кызматкерин 300 миң сом пара алып жаткан жеринен кармап отурбайбы. Бирок, бул боюнча кылмыштык  териштирүүлөрдүн  жыйынтыгы кандай болгону коомчулукта белгисиз калды.

2016-жылы  Мамлекеттик  каттоо  кызматынын  статс-катчысы опузалоо жолу менен 100 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган. Көрсө, өзү “сот”, өзү “прокурор” бул стат-катчы карызга таяп, кыргызстандык жарандын 7 миң долларлык эки унаасын алып койгону аз келгенсип, андан сырткары ал жарандан 550 миң сом акча талап кылыптыр. Учурунда бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 170-беренесинин (опузалап талап кылуу) жана 353-беренесинин (өзүм билемдик) негизинде кылмыш иши козголгон. Эми андан таңгалычтуусу ушул кылмыш иши козголгон экс-статкатчы башка бир мамлекеттик мекемеде бакыйган кызматта иштеп жатканын эшиттик. Көрсө, 2016-жылдын март айында ачылган кылмыш иши эки ай ичинде жабылыптыр. Айыпталган тараптын адвокаттары 100 миң сомду опузалап албай эле, карызын кайтарып алган деп далилдеп чыгыптыр. Буга биз эч кандай комментарий бергибиз келбейт. Болгонун болгондой айттык.

Мамкаттоо кызматынын стат-катчылары антип жатса, башкалары жөн жүрмөк беле? Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкери Жалал-Абад облусунун жашоочусуна жүк ташуучу  автоунаага  техникалык паспорт жасап берем деп 5,5 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганы белгилүү.

Айта  берсе  мисалдар  толту-ра. Транспорт айдоо үчүн берилген күбөлүктөрдүн сатылары, турак жай куруу үчүн элге берилген талаш  жерлердин  кызыл  китебин, жарандардын унаасын жана башка мүлктөрүн каттоодо атал-ган мекеме тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып келет. Жаңылбасак, 2016-жылы болсо керек эле, Түркиядагы эл аралык аэропорттон 98 кытай жараны жасалма кыргыз паспорттору менен кармалган. Эл аралык издөөдө жүргөн казак банкири М.Аблязовго да кыргыз паспорту берилип кеткен, кримтөбөлдөргө да кыргыз паспортунун берилиши Мамлекеттик каттоо кызматынын коррупцияга белчесинен батканын айгинелеп турат.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы бажыдагы коррупция менен аткезчиликти азайтууда жана салык тармагындагы жемкордук схемаларынан улам жети кишини камакка алды. Алар атайын коррупциялык схема ойлоп таап, анын кесепетинен өлкө бюджети 800 миллион сомдон ашык зыян тарткан.

Кыргызстан чет элдик финансы уюмдарына миллиарддаган долларлар карыз экенин, билим берүү тармагына, саламаттык сактоо тармагына миллиондогон акчалар жетпей жатканын баарыбыз билебиз, а мамлекеттик кызматкерлер биз-ден да жакшы билет. Бирок, кыл-ган  иштери  бул.  Миллиондорду сол чөнтөккө уруп, сугунуп жатышат. Ошол эле Ош бажысын алалы. Мурда күнүнө 1 же 2 миллион акча түшсө, жетекчиси алмашкан соң, азыр күнүнө 15 миллион сомдон түшүп жатат. Демек, буга чейин миллиондогон акчалар кайда, кимге кетип жаткан деген суроо жаралбай койбойт.

Бишкек жылуулук электр борборуна байланыштуу маселени алалы. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалды. УКМК 2-апрелде Бишкек ЖЭБинин, «Электр станциялары» ААКынын жана «Улуттук энерго холдинг» ААКнын бир топ кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин 221 («Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин  ыйгарым  укуктардан аша чабышы») беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш ишин козгоду. Эми мунун аягы эмне менен аяктайт, көрө жатарбыз.

Эми  салык  кызматына  өтөлү. УКМК “Полларис” жана “Интер-рустрейд” жоопкерчилиги чектелген коомдоруна карата мамлекеттик бюджеттен  кошумча  нарк  салыгын мыйзамсыз түрдө кайтарып берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, коррупцияга шектүү катары салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов кармалганы эле көп нерсени каңкуулап тургандай. Бишкек райондук Салык кызматынын салыктарды текшерүү бөлүмүнүн кызматкеринин  жеке  ишкерден 1000 доллар, 34 000 сомду накталай алып жаткан жеринен кармалганы, Свердлов районунун салык кызматынын Э.Ч аттуу башкы инспекторунун С.А аттуу жарандын ЖЧКсын кезексиз текшерүүдөн өткөрүп, салык жагынан алардын пайдасына ыңгайлуу чечим жасап берем деп 2000 доллар талап кылганы миллиондорду сугунгандардын жанында түккө да арзыбай калат. Бирок, кылмыш деген кылмыш, кармалган адамдын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин пара талап кылуу, кызмат учурунда ири өлчөмдөгү пара алган деген бөлүмдөрү боюнча кылмыш иши козголгон.

Бажычылар, салыкчылар антип жатса, архитекторлор жөн жатмак беле? Бишкек архитектурасынын эки кызматкери пара алууга шектелип кармалган. Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгынын кызматкерлери керектүү архитектуралык-техникалык чечим алуу үчүн 2000 АКШ долларын талап кылып жатканын айтып Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Натыйжада атайын оперативдик ыкчам аракеттер көрүлүп, Бишкек шаарынын архитектура башкы башкармалыгынын жетектөөчү адиси 1500 доллар, ушул эле башкармалыкта башкы адис болуп иштеген дагы бир адам 500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Кармалган кызматкерлер Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 313 (пара талап кылуу) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Өкмөткө караштуу комиссия тарабынан кошумча нарк салыгын кайтарып берүү боюнча 2016-2018-жылдар аралыгында мыйзамсыз чечимдердин негизинде мамлекеттик бюджетке 847 миллион сомдон ашуун зыян келтирген фактынын бети ачылган.

Мамлекет башчы коррупция жана кылмыштуу иштерге кор-рупция жана кылмыштуулук менен күрөшкөн кишилер өздөрү аралашып  жатат  деп  айтпады беле. Ички иштер министрлигинин өздүк курамды “погончон  кылмышкерлерден”  тазалоо деген рейдинин негизинде Баңгизаттарга  каршы  күрөш кызматынын  полковниктери 8 кг нашаа менен кармалганы мунун далили. Алардын бири Баңгизаттарга каршы күрөш кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары болсо, экинчиси Ички иштер министрлигинин пенсиядагы полковниги болуп чыккан. Бул уюшкан топко карата ири өлчөмдө баңгизат алып жүргөнү үчүн 247-берененин негизинде кылмыш иши козголгон. Шаардык жана райондук ички иштер башкармалыгында шектелип кармалган жарандарды тергөө учурунда оперлердин акча талап кылган учурлары да жок эмес. 2017-жылы Свердлов РИИБинин кызматкери Б. А. казакстандык жарандан чек араны мыйзамсыз кесип өткөнсүңөр, маселеңерди оң жагына чечип берем деп 20 миң сом сураган. Ал 14 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Ош шаардык Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкери жарандын “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автомашинасын тартып алып, аны кайтарып берүү үчүн 300 доллар пара сураган, ал 10 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын басма сөз жазып чыккан.

Ал эми МАИ кызматкерлеринин пара алуусу тууралуу коомчулукта өзгөчө пикир жаралып, ар кандай шакабалар айтылып калган. Мындай пикирлердин жаралышын интернет булактарындагы МАИ кызматкерлеринин акча алып жатканы жөнүндөгү тартылган видео тасмалар менен жалпыга маалымдоо каражаттарында көрсөтүлгөн репортаждар тастыктайт. Кыскасын айтканда, коррупцияга малынбаган мамлекеттик мекеме калбагандай. Баарынан кызыгы,

коррупцияга каршы күрөш күчөгөн сайын, “аты” мамлекеттик кызматкер “заты” коррупционерге айланган кызматкерлердин көбөйүп бараткандыгы бул багытта ырааттуу жана натыйжалуу күрөш керек экендигин тастыктайт. Не дейбиз, коррупционерлерде дос да, тууган да, куда-сөөк да болбойт, атүгүл аларда мекени, мамлекети да болбойт.