18-апрелге карата аба ырайы

18-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12;

Таласта түнкүсүн 0…-2, күндүз 5…10;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14;

Баткенде түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12;

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында 18-апрелде мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 10…12 градуска чейин жылуу болот.