КТРК жетекчисинин орун басары Калыйбек Асылбашев кызматынан кетти

Коомдук биринчи каналдын директорунун орун басары Калыйбек Асылбашев кызматынан кетти. Бул тууралуу КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков маалымдады.

Калыйбек Асылбашев кызматынан башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кеткен.

Калыйбек Асылбашев 2015-жылы КТРКнын Байкоочу кеңеши тарабынан телеканалдын орун басары болуп шайланган.