Парламентте жаңы депутаттар ант берди

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси менен жаңыдан мандат алган депутаттары ант берип, ыйгарым уккутарын аткарууга расмий киришти.  Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маркум Жыргалбек Калмаматовдун ордуна Насыр Мусаев келди. Ал эми Казакстанда аткезчиликке байланыштуу айыпталып камалган депутат Дамирбек Асылбек уулунун ордуна Руслан Чойбеков  келген.

БШК Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экенин тастыктаган документтер келип түшкөн соң 15-апрелде аны мандаттан ажыраткан.