Канализация түтүктөрүндө ойноп, чыгалбай калган окуучу куткарылды

Жалал-Абал шаарынын Курманбек көчөсүндөгү жолдун жээгинде жайгашкан канализация кеткен түтүктөрдө мектеп окуучулары ойноп жатып, бирөө чыга албай калган. бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан маалымдады.

Маалыматка ылайык, окуя 17-мартта болжол менен саат 12:25 чамасында болгон.

Түшүп кеткен мектеп окуучусун КР ӨКМнин №58-өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгарышып, баланы ата-энесине тапшырган. Бала эч кандай жаракат алган эмес.