Мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциянын түктүү кулагы

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Мамлекеттик сатып алуулардын башкы максаты – тендер аркылуу атаандаштык негизде сатып алууларды жүргүзүп, эң башкысы бюджеттик каражаттарды үнөмдүү пайдаланууну көздөө экендиги талашсыз. Бирок андай болбой жатат. Бүгүнкү күндө “Кыргызстанда коррупциянын уясы кайда?”, – десе, ким болбосун сөөмөйүн чочойтуп, мына ушул мамлекеттик сатып алууларды көзгө сайып көргөзүп бере тургандыгы талашсыз.

Башкы прокуратура 19 млн. сомду кайра кустурду

Мамлекеттик сатып алуулардагы коррупция азайбай эле өсүп баратыптыр. Бардыгы салыштыруу менен аныкталарын эске алсак, Башкы прокуратуранын 2016-жылдагы  отчетуна  таянсак,  мамлекеттик сатып алуулар боюнча 504 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча 72 кылмыш иши козголуп, мамлекетке 12 млн. сом кайтарылыптыр.

Ал эми Башкы прокуратуранын 2017-жыл үчүн Жогорку Кеңешке берген отчетунда мындай фактылар келтирилет: “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын аткарылышын аткаруу боюнча 674 текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында 58 кылмыш иши козголду, 957 адам дисциплинардык, 137 адам административдик жоопкерчиликке

тартылды. Мамлекеттин пайдасына 19 703 982 сом өндүрүлдү”. Көрүнүп  тургандай  12  млн.сом  ме-нен 19 млн.сомдун айырмасы барбы? Бар! Өсүптүрбү? Өсүптүр! Бирок бул сумма дагы мамлекеттик сатып алуулар системасындагы айсбергдин анча-мынча гана көрүнгөн чокусу экенин баарыбыз сезип турабыз. Анткени, сыртынан караганда мыйзамдуудай туюлган көптөгөн мамлекеттик сатып алуулар, бул тейинде эч кимибиздин ишенчибизди туудура албайт. Мунун себептери бар.

Айланы кетирген «схемалар»

Белгилүү болгондой мамлекеттик сатып алууларды Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти жөнгө салат. Тендер өткөрүү боюнча тигил же бул жарнамалар ушул департаменттин расмий сайтына жарыяланат. Эптеп эбин таап мамлекеттин бюджетин мүлжүп кетүүнү көздөгөндөрдүн аңдыганы ушул жарнамалар болуп келгендиги буга чейин далай айтылган. Шумдугуң кургурдуку, тендер кириллица (биз колдонгон) тамгасы менен жарыяланган учурда, анын кайсы бир тамгасын латын тамгасына алмаштыра салса, потенциалдуу атаандаштарга көрүнбөй, айрым кызыкдар чөйрөгө гана көрүнгөн “кереметтер” тууралуу чуулгандуу сөздөр жүргөн.

Кезегинде ушундай жолдор менен 652 млн. сомдук тендер “башкаларга көрүнбөй” өтүп кеткендиги боюнча чоң чуу чыккан. Акыры эки жыл мурда аталган Департамент мындан жыйынтык чыгарганын айткан. Баса, мамлекеттик сатып алуулар системасындагы дагы бир коррупциялык схеманы көп айтышат. Айталы, кайсы бир компания тендерде баарынан арзан айтып жеңишке жетишкени менен кайра айнып тендерден чыгып кетип, андан кийин турган кыйла жогорку бааны сунуш кылган компаниянын утуп чыгышына шарт түзөт экен. Анан алчусун алып, бөлүшчүсүн бөлүшүп баса берет дейт эксперттер.

Ошону менен мамлекеттик кызматкерлердин (албетте катардагысы эмес) тендер өткөрүүгө түрдүү жолдор менен таасир этип, “көңүлдөш” компанияларын “уттуутту” кылуу мүмкүнчүлүгү дагы деле сакталып келет. Мунун классикалык үлгүсү катары үч жылдын ичинде 110 жолу ар түрдүү тен-дерлерден утуп чыккан экс-вице-премьер-министр Т.Сарпашевге таандык делген “Градиент” фирмасын айтсак жетиштүү болор. Натыйжада, мамлекеттик кызмат адамдарына таандык ишканаларга мамлекеттик тендерлерге катышууга тыюу салган мыйзамды кабыл алууга аргасыз болгонбуз. Бул мыйзам канчалык деңгээлде иштеп жатат, ал башка маселе.

Андыктан мамлекеттик сатып алуулардын ачык-айкын, ишенимдүү болушу үчүн “Мамлекеттик сатып алуулар расмий сай-тына” өзгөчө көңүл бурулушу зарыл. Андагы жарыяланган тендер, ага катышуучулар, сунуштар, тандап алуулар, тендердин жыйынтыгы кынтыксыз болууга тийиш. Ошондо гана мамлекеттик сатып алууларга болгон ишеним жаралып, тендердин ачык-айкындыгы эч кимге күмөн жаратпайт. Бул колдон келчү иш жана ушуга умтулуу бүгүнкү күндүн башкы талабы!

Сапар ИСАКОВ: «Smart келишими мамлекеттик сатып алууларды тазартат»

Мамлекеттик сатып алуулар электрондук порталынын мүмкүнчүлүгүнө жана келечегине тегин жеринен басым жасап жаткан жокпуз. Себеп дегенде электрондук тейлөө көрсөтүү киргизилген көпчүлүк тармактарда коррупция тумшукка чабылып, кадимкидей сээлдеп калганын байкап жатабыз.

Анын үстүнө ушул XXI кылымда, инновациялык технологиянын гүлдөгөн доорунда жашап туруп, анын илимий-технологиялык жетишкендиктерин пайдалануудан эринсек бизди эч ким кечирбейт, коррупция болсо кадимкисиндей жей берет.

Дал ушул мамлекеттик сатып алууларды Smart келишими аркылуу жөнгө салуу тууралуу Премьер-министр Сапар Исаков улуттук “Кабар” агенттигине (03. 02. 2018) мындай деген кызыктуу ойлорун айтыптыр: “Мамлекеттик сатып алуулар системасы үчүн блокчейн системасын пайдалануу керек. Блокчейн – бул улуттук валюта менен бекемделген электрондук валюта. Биз эми анча тереңдеп кетпейли, бирок аны мамлекеттик сатып алууларда пайдаланабыз. Бул Кыргызстан үчүн ар кандай коррупциялык тобокелчиликтерди жок кыла турган идеалдуу система. Мен аны жакында эле киргизе коебуз деген жокмун. Улуттук банк жана башка тиешелүү компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз алгачкы баскычта Smart келишимин киргизип турсак, ал мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштырууга жол ачат. Бул жаңы системаны өчүрүп же сатып алуу жөнүндөгү маалыматтарды алмаштыра салууга болбойт. Бул “Таза коом” улуттук программасынын максатына толук дал келет”.

Демек, мамлекеттик сатып алууларды санариптик жолго салуудан башка жолубуз деле көрүнбөйт…А тигинде болсо коррупциянын түктүү кулагы калдаят…