Таякты аким жеди же жараянды кайталаган тоту куштар

Шекербек КАЛЫКОВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргызда, “Алманы аким жеди, таякты жетим жеди” деген калетсиз айтылган макал бар эле. Азыр эми коомдогу башкаруу бийлигинин башаламандыгына жараша “жетим жүгүрүктөрдүн” доору жүрүп, акимдер таяк жеп турган чагы. Себеби, карапайым калктын нааразычылыгы, жергиликтүү саясатчылардын бийликке карата айтылган дооматтары акимдерге тийип, токонаалатка калгандар дагы ушулар. Арийне, акимдердин илгеркидей бийликти бир колго кармап, жоопкерчиликти моюнга алганга мыйзамдуу укук-ченеми чакталуу. Акимдердин жата калып ат үркүткөнгө чамасы жетпейт азыр.

Райондун деңгээлиндеги бир иш-чара өткөрө турган болсо, айыл өкмөттөрүнөн, мекеме-уюмдун жетекчилеринен каражат сураган акимдерди ким тоготмок эле? Аким деген учурда Ак үй тараптан чыккан жараянды кайталаган тоту куштун өзү болуп калды.  “Эмне кеп?” – деп сурасаң: “Коррупция менен күрөшүп атабыз” дешет. Эки сөзүнүн бири ушу. Аларды салабаттуу бийлик өкүлү катары кармап турган сөз дагы ушул сыяктуу.  Бирок,  ошол  жараянды канчалык деңгээлде ишке ашырып жатышат, аны элдин таразасына коюу кажет. Чынында эле аймактардагы алсыз бийликтин кесепети, өнүгүүнүн демин кыскан боштукка айланып баратканы талашсыз.

Мына ушундай көйгөйдү туура түшүнгөн Президентибиз Сооронбай  Жээнбеков,  быйылкыжылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялап, “Мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу системасын региондук жана жергиликтүү деңгээлде кайра карап чыгуу зарыл. Азыр райондогу  мамлекеттик  администрациянын да, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин да мүмкүнчүлүгү чектелүү. Аларга  мүмкүнчүлүк  бериш  керек. Бирок, ошол эле учурда катуу та-лапты да коюш зарыл. Ошондо реалдуу жоопкерчилик болот…” деп маселе койгон сөзү акимдер үчүн  караңгыда  көз  тапкандай болбоду беле. Ошондой эле Президент Сооронбай Шариповичтин, “бүгүн райондук мамлекеттик бийликтин реалдуу таасирин күчөтүү менен, аларга ыйгарым укукту  берүү  менен  гана  региондорду алдыга чыгара алабыз” деген сөзү аймактарда башкаруу бийлигинин беделин көтөрүүгө болгон аракет экенин танууга болбойт. Албетте, бул кечиктирилгис иш-чара.

Бул  эми  маселенин  бир  жагы.  Экинчи  жагынан  акимдердин ушу турушу, иштөө ыкмасы көпчүлүгүнө  жагып  жаткандай таасир  калтырат.  Анткени,  ыйгарым укугуна шылтап, жогору жактан келген Президент, Өкмөт, Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнө бир  бечара  болуп  көрүнгөнгө ыңгайлуу. Одоно айтканда жоопкерчиликтен качуунун бир жолу. Чын-чынына келгенде райондун, облустун бийликтеринде кыйла эле мыйзамдуу укук бар. Эгерде маселени туура коюп, кемчиликтин көзүн таап, столду бир койсо эле, жергиликтүү аткаминерлер учуп-жетип келери турган иш. Андай сүр көрсөтүүнү алдыртан билген  жетекчилер   райондун, облустун башчыларынан жардамын аябайт сыягы. Демек, “сизиң-бизиңден” өтөрү жок. Өгүз өлбөдү, араба сынбады. Кыскасы, “солдат спит, а служба идет” дегендей эле кеп.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, революциянын шарапаты, же болбосо партиялык принцип менен аттап-буттап бийлик башына келгендердин айрымдарынын бизнеси бар экенин танууга болбойт. Ишке келгенде эле жарнамалык гезиттерди барактап, “кайсыл имаратты, жайлуу жерлерди пулдап ийсек” дегендери дагы жок эмес. Аларга өкмөттүн эсебинен автоунаасына күйүүчү май куюп, чалкалап жүргөнү эле жетишет. Мындай мисалдар толтура. Ошондуктан, Президент Сооронбай Жээнбековдун аймактык бийликтин милдетин мойнуна илип, жоопкерчилигин жонуна жүктөп коюу демилгеси учурдун талабы болуп турат.

Баса, жоопкерчилик демекчи. Ток этер жерин айтканда, Жалал-Абад облусунда элдин үрөйүн учурган, мамлекеттик бюджетти мүлжүп турган бир балакет бар. Ал – суу ташкыны, жер көчкү ма-селеси. Өткөн жылы облустун Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр, Сузак районундагы Көк-Арт дарыялары чегинен чыгып, кыйла эле калапатты салган болчу. Быйыл деле ошол көрүнүш кайталанууда. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлгөндө жергиликтүү калкка кооптуу шартты жараткан жагдайлардын бирден бир себеби, таш, шагыл ташыгандар башаламан каза бергендигинин кесепети экенин жылда айтып келишет. Мына ушул маселени жөнгө салуу боюнча Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев өткөн жылы атайын буйрук чыгарып, тиешелүү чараларды көрүүгө тапшырмаларды бергенин акимдер айтып жүрүшөт. Тилекке каршы, Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн буйругу канчалык деңгээлде аткарылганын Сузактын Көк-Арт дарыясын жээктей сак-сактап чуркап жүргөн жергиликтүү калктын маанайынан билсек болот. Райондун акими Эрмекбай Омошевдин ал жерде карааны көрүнбөйт. Ал эми, жай бою таш, шагыл казгандар каалагандай иштешип, дарыянын нугун буруп койгонуна жергиликтүү калк бушайман. Буга райондук бийлик чара көрбөгөнү байкалып турат. “Сөз келгенде айтпаса, сөздүн атасы өлөт” демекчи, ушул темага улай айта кетүүчү жагдай, жакында эле Сузак районунун акими Эрмекбай Алярович Жалал-Абад шаарынын кире беришинде жайгашкан Курманбек баатырдын эстелик-арка комплексин оңдоо үчүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин жыйынына катышып, депутаттардан каражат сурап жүргөнүн көрүп акылыбыз айран болду. Бул көрүнүштөн улам, атагы алыска кеткен Сузак району Жалал-Абад шаарынын админис трациялык аймагына айланып калганбы деген ойго келет экенсиң. Же Жалал-Абад шаарынын бюджетинде Сузак районуна каржылык жактан жардам берүү каралыптырбы? Негизи өзүнүн кызмат абалын, милдетин так биле бербеген акимдик бийликтин кадырын кетирген Эрмекбай мырзанын жоругу Эгемен Кыргызстандын тарыхында өзгөчөлөнүп кала бере турган болду.

Кептин удулуна кайрыла турган болсок, ай-мактарда облустун өкүлүнүн чыгарган буйругу аткарылбай жатса, былтыркы абалдан быйылкысынын айырмасы жок болсо, анда буга ким жооп берет? Мындай шартта жетекчилердин керзи өтүк кийип, кыян жүргөн жерлерден, суу ташкынан кабар алганы бир тыйын эмеспи. Аймактарда өзгөчө кырдаал жаралганда жоопкерчиликти министр Кубатбек Боронов жана анын командасына оодара салуу адатка айланып бараткандай. Мындай абал менен келерки жылы дагы суу ташкынында керзи өтүк кийген аткаминерлерди сайдын жээгинен көрө берээрибиз анык. Айтайын дегеним, буйрук деген кынтыксыз аткарылышы кажет. Ошондо бийликтин кадыры өсөт. А чала жан бийликтин калк камын көрөрүнөн үмүт артуу өтө кыйын.

Бул эми учкай айтылган сөз. Жалал-Абад облусуна жасаган сапардан кийинки журналисттик көз караш десек болот. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын башчылары менен жолугушканда, теле-радио жана гезиттердин башкаруу бийлигин реформалоодогу ролу маанилүү экенин баса белгилегенин эске алып, жер-жерлердеги кырдаал тууралуу көз каршыбызды билдирип турууну эп көргөнүбүз ошондон. Тиешелүү тармактар, башкаруу органдары жөнүндө устукандап суна турган макалалар али алдыда.