Манасчы Дөөлөт СЫДЫКОВ: «Монголиянын талааларында «Манас» айттым»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Манасчы Дөөлөт Сыдыков 1983-жылы Ысык-Көлдүн Тоң районунун Шор-Булак айылында туулган. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын салттуу музыка жана фольклор бөлүмүн аяктап, 2010-2011 — Токтогул Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназияда мугалим, 2011-2012 — Улуттук консерваторияда «Манас таануу» боюнча окутуучу болуп иштеген. 2012-жылдан бери Коомдук телерадиокорпорацияда редактор, алып баруучу, сценарист. 2014-жылдан бери «Саякбай манасчы» коомдук фондусунун мүчөсү. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

– Алло, Дөөлөт, “Кыргыз Туусунун”  “Күтүүсүз  коңг уроосу” тынчыңды алып жатат. Мына жакында эле Монголияга барып келбедиңби, бул сапардын максаты кандай эле?

– Белгилүү дизайнер Гүлжан Иреш эженин чакыруусу боюнча бардым. Ал эженин кыргыз көчмөн өнөрүн дүйнөгө таанытуу долбоору бар экен. 2017-2018-жылдардагы сапарларында “Манасты” жайылтуу менен бирге, даректүү тасма тартууну максат кылыптыр. Былтыр Япониянын Хоккайдо аралындагы айну элине сапар жасап, манасчы Камил Мамадалиев бир жума “Манас” айтса, быйыл мен Монголияда улуу жомокту баян кылдым.

– Ал жакта “Манасты” кимге айттыңар?

– Дүйнө жүзүндөгү эң чоң эстеликтердин бири, өз доорунда жер шарынын жарымына чукул жерге өз өкүмүн жүргүзгөн Чыңгызхандын эстелигинин жанында айттым. Эстелик аябагандай чоң таасир калтырды. Монгол элинин деми, күчү, кайраты ушул эстеликте чагылдырылыптыр. Ошондой эле студенттер менен жолугушууда айттым.

– Ат арытып, сапар карыткан улуу жолдон эмне таптың, эмне көрдүң?

– Мени кызыктырганы – динозаврлардын сөөктөрү Монголиянын талааларынан табылган экен, ошолор коюлган музейине бардык. “Манаста”: “Жабыр баян деген бар, Пил керикти жеген бар” – деп айтылат эмеспи. Манас чын эле болгонбу дегендерге мына ошол да далил болуп  бере  алат.   Манас  атанын  же  башка баатырлардын эстеликтерин дүйнөдө теңдешсиз чоң кылып койсо болот экен, ошону көрүп келдим. Касиеттин чексиз болорун, ар кимге ар кандай берилерин көрүп келдим.

– Манасчылык өнөрдү канча жашыңдан алып келе жатасың?

– Манасчылыкка 12 жашымда аралашкам. Аян — адамга келе турган белги, сыр, кубулуш. Ал жөн келе бербейт, кандайдыр бир маанини, келечекте боло турчу ишти туюндурат, демек, ага кайдыгер мамиле жасоого болбойт. Аткарылышы зарыл болгон сыр катылат. Аян жалаң эле манасчыларга тийиштүү эмес. Аян алып кол өнөрчү болгондор, акын болгондор бар, жолу болбогондордун иши жүрүшүп кеткен учурлар кездешет. Чыңгыз Айтматов Кыдырга жолугуп, аян алгандыгы, Түгөлбай Сыдыкбековдун өң-түш көргөнү айтылып келет. Мунун эки түрү бар — биринчиси кадимки эле түш. Аны жоруп түш карманып келгендер болот. Экинчиси — өң-түш деп коет. Өңүңдө жолуккандай эле башка бир дүйнөгө аралашып кетесиң. Аян бир эле жолу берилбейт. Буга бир нече жолу туш болуусу мүмкүн.

Дегинкисин манасчылык — чоң аталарымдан келе жаткан өнөр. Чоң атам Сыдык “Манас” үчилтигинен тышкары, кенже эпос торду да айткан. Анын энеси санжыраны мыкты билген, төкмөлүгү күчтүү, кошокчу киши болгон экен. Өзүмдүн чоң энем да уламыштарды мыкты айткан, санжырачы болгон. Ал кишинин апасы жалаң үч эм, эгиз кылып 33 бала төрөгөн, кийин өлүп-тирилген киши болуптур. Чоң энем ыйлап калчу, бир туугандарымдын баарын жутуп алып жалгыз калдым деп. Өзүмдүн атам Качкын да манас айтчу, ал эми ка-зактын орто жүзүнүн кызы болгон апамдын бала-чаканы эмдеп-домдоп, алдын ала билүүчүлүк жайы бар.

– Мен билгенден манасчылар ыр жазат?

– “Төкмөлүктүн төрөсү – манасчылык» деп айтат элибиз. Илгери Саякбай атадан бирөө сураган экен: “Саке, ушунча “Манас-ты” айткан соң башка дастандарды дагы айтсаң керек?” – деп, анда Саякбай ата айтат дейт: “Салганым кыраан бүркүт болсо, кыргыек салып не кылам?” – деп.

– Ал эми “Манасты” жомок катары баалоо…

– Өтүп кеткен ар бир күн өзү жомок. Жомок  жоктон  жаралбайт  да,  мисалы, азыркы балдарга союз убагында ширеңке бир тыйын болчу десең жомокту айтып жатат деп ишенгендей эле кеп. “Манасты” илгеркилер: “Улуу, касиеттүү жомок” дешкен. Мааниси азыркы ойдон чыгарылган жомок менен асман менен жердей. “Манас” болбосо, биз жоголобуз. “Манас” бар үчүн эл сакталып келе жатат. “Манастын” күчү элди колдоп келген, колдоп турат, колдой берет.