«Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиев камакка алынды

«Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо» долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча Айбек Калиевди  шектүү катары камакка алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Айбек Калиев «Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААКтын жетекчилигинен 10-апрелде бошотулган.

Эскерте кетсек, быйыл 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») боюнча иш козгоп, УКМК тергөө баштаган.