Шаар жолдорундагы шалаакылыкка ким күнөөлүү?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Өзүн сыйлаган бардык өлкөлөрдө, бардык шаарларда жолдорго жана коомдук транспортко өзгөчө көңүл бурулган. Себеби, жол — шаар турмушунун күрөө тамыры.

Убада жана магия…

Бишкек шаарынын калкын коомдук жана жеңил транспорттор менен ташууну уюштурууда бирдиктүү шаардык саясат жок деп айтсак эч жаңылышпайбыз. Ырас, шаардык транспорт башкарма-лыгынын ыйгарым укуктарында транс-порт инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрөт  деп  тимеле  сонун  сөздөр жазылган.  Бирок,  абал  иш  жүзүндө кандай?

2015-жылдын 26-мартында Бишкек шаарынын ошол кездеги мэри Кубанычбек Кулматов 2017-жылга карата борбор шаардагы маршруттук кичи автобустар толугу менен жоюларын, анын ордун муниципалдык чоң автобустар ээлерин, автотранспорт сатып алуу боюнча каржы маселеси да чечилип, аны банктардын бири каржыларын шаардык кеңештин кезектеги жыйынында убада кылган. Арийне, К.Кулматов тилегине жетпеди, 2017-жылга жетпей кызматынан кетти. Натыйжада, шаардык бийликтин борбор калаанын жолдорунан бардык маршруттук кичи автобустар алынып салынат, ошону менен автотыгындар азаят деген ой-максаты ишке ашпай калды.

Быйылкы  жылдын  23-январында өткөн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында биринчи вице-премьер министр А.Шадиев 2018-жылдын күзүнө карата Өкмөт калаанын борбордук көчөлөрүн маршруттук таксилерден бошотууга ниеттенип жатканын, каттамдык кичи автобустардын ордуна Өкмөт 350 автобус сатып алып, муниципалдык автобустар маршруттук таксилерди алмаштырырарын билдирген. Борбор калаанын жолдо-рун маршруттук кичи автобустардан арылтуу убадасынын кандай магиясы бар ким билет, арадан эки ай өтпөй, А.Шадиев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Эми ал убада кылган 350 автобустун тагдыры кандай болот, аны айтуу кыйын!

“Сандардын чатагы”: Мэрия жана жеке фирмалар, эсеп 0-1

Бишкек шаарынын мэриясы шаардын калкын коомдук транспорт менен камсыздоо багытында өз ыйгарым укуктарын аткара албай жатат дебедикпи. Аны сандар тастыктап турат. Бишкек шаарынын вице-мэри Г.Милицкийдин маалыматына караганда, миллиондон ашуун калкы бар шаарда болгону 110 троллейбус жана 130 автобус – муниципалдык транспорт бар жана алар араң эле 12-13 каттамды гана тейлеп, борбор калаанын жака-белиндеги жаңы конуштарга дээрлик каттабайт. Ошол эле учурда, 41 “кожоюнга” (фирма) таандык 2700гө чукул маршруттук кичи автобустар күн сайын 121 маршруттук каттамда каттап, барбаган көчөсү дээрлик жокко эсе. Каттамдар №100 менен башталып, №380 менен аяктайт.

Кыскасы, шаардын калкын коомдук транспорт менен уюштурууда үстөмдүк жеке фирмалардын ээлеринде! Шаар бийлиги өз ыйгарым милдеттерин аткара албай, эч кимге жок убадалар жана эч кимге кереги мониторинг менен чектелүүдө.

“Кожоюндар” кимдер?

Бишкекте  жүргүнчүлөрдү  ташуу  менен иш алпарган 41 фирма бар жана алардын арасында маршруттук каттамдар бөлүштүрүлгөн. Дагы беш компаниянын ишмердигинде жүргүнчүлөрдү ташуу менен иш алып барары жазылган. Бирок, азырынча иш баштай элек. Эң көп маршруттук каттам жана маршруттук кичи автобустардын ээлеринин бири «Акжолтой» ААК. Акционердик коомдун уюштуруучусу Чириков Алик Баякеевич. Бул маалымат 2-апрелдеги транспорттук коллапстан кийин гана ачыкка чыкты. Биз “Акжолтой” акционердик коомун Кеңеш Жусупов көп жылдардан бери жетектеп кела-канын билчүбүз. К.Жусупов бир жылдарда Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон, 1984-1991-жылдарда №3-Фрунзе шаардык жүргүнчүлөр автопаркынын начальнигинин орун басары, 1991-1997-жылдарда №4-Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын директорлук кызматын аткарган. Бир сөз менен айтканда, шаардык жүргүнчүлөрдү тейлөө тармагын сыртынан эмес, ичинен билет. Ошондон уламбы, “Акжолтой” акционердик коомуна караган №№ 100, 101, 107, 110, 111, 114, 116, 127, 128, 131, 147, 163, 164, 169, 173, 180 маршруттук каттамдарда маршруттук кичи автобустар сааттай чыкылдап иштейт. Айрым каттамдарында маршруттук кичи автобустар 5 мүнөт аралык менен жүрөт. 100, 101-маршруттук каттамдарында убакыт аралыктарын так сакташат. Маршруттук кичи автобустарынын абалы да жакшы. Мамлекет казынасына эң көп салык ж.б. төлөмдөрдү төлөгөн да ушул “Акжолтой” акционердик коому. Бир сөз менен айтканда, бул фирманын башында жүргүнчүлөрдү тейлөө тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар адам от-урганын дароо баамдайсың. Маршруттук каттамдары көп дагы бир фирма – “Лига” ЖЧКсы. Жетекчиси – Бекболуш Матисаков 2012-жылы “Ар-Намыс” партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин алдын ала түзүлгөн тизмесине киргени белгилүү. Бул транспорттук ишканага №№ 102, 129, 133, 139, 143, 150, 155, 159, 161, 170, 174, 176, 179, 200, 212-маршруттук каттамдар карайт. Минтип көп маршруттук каттамдарды тейлегенине карабастан, жылдан жылга “Лига” ЖЧКсынын бюджетке салык ж.б. төлөмдөрү азайып баратыптыр. Алсак, 2012-жылы бюджетке 4,5 млн. сом которсо, 2017-жылы миллиондон бир аз ашуун акча которушуптур. Мунун себебин Б.Матисаков мырза өзү эле айтып бербесе, биз эч кандай комментарий бере албайбыз.

Дүңүнөн айтканда, маршруттук каттамдар-дын “кожоюндарынын” катарында кимдер гана жок дейсиз, айталы маршруттук каттамдардын биринин кожоюну «Батыр Хан Мурагер» ЖЧКсы курулуш бизнеси менен алектенет. Ошол эле учурда «Батыр Хан Мурагер» ЖЧК уюштуруучуларынын бири Абылбеков Абдулла «Кош-Тамчы» курулуш компаниясы баштаган бир нече фирманын да ээси болуп саналат. Кызыгы, басма сөздөгү маалыматка караганда, бул каттамдагы айдоочулар жолдо жүрүү эрежеси боюнча экзаменден өтпөй калган учурлар бар экен.

Куруучулар гана эмес, саясый партиялар да жүргүнчүлөрдү ташуу менен шугулданышат. Шаардык жүргүнчүлөрдү тейлеген “Куюн” ЖЧКсы Кыргызстандагы көп саясый партиянын бириники. Бир эле “Куюн” эмес, “Дордой Транс”, “Каниет”, “КАУИНТИ Транс Сервис”, “Уланбек Транс” ж.б. жүргүнчү ташыган фирмалардын тиги же бу саясый партияга тиешеси бар. Кыскасы, шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу ашкере “саясатташып” кеткен, а мүмкүн 2-апрелдеги иш таштоонун артында да саясат жаткан чыгар, ким билет. Айтор, окурмандар таңгалбай деле койсо болот, жүргүнчүлөрдү ташыган фирмалардын ээлеринин саясатка гана эмес, кылмыш иштерине да тиешелүүлөрү бар. Кайсы биринин ээси жана директору С.Н.А.га бир кезде баңгизаттарды сатат деп кылмыш иши козголгону бар.

Айдоочулардын талабы? Канчасы туура, канчасы туура эмес?

Шаардык  жүргүнчүлөрдү  ташыган маршруттук  кичи  автобус  айдоочуларынын жана эл ташуучу фирмалардын 2-апрелдеги иш таштоосу чагымчылдык экенин айткан Бишкек мэриясы айдоочулардын талаптары аткарылбай тургандыгын билдирди. Албетте, айдоочулардын маршруттук каттамдарда жол кире баасын 15 сомго көтөрүү керек дегени туура эмес. Ошондой эле милдеттүү түрдөгү камсыздандыруу полисинен баш тартканы да жөнсүз. Ошол эле учурда, Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын маршруттук кичи автобустарга ар бир орунга гана жүргүнчү алууга уруксат берип, ортосуна салууга тыюу салганы акылга сыйбаган нерсе. Маршруттук кичи автобустар да – автобус, троллейбус сыяктуу эле коомдук транспорт. Ар бир жүргүнчү отурушу шарт эмес. Эгер ар бир жүргүнчү отуруш керек болсо, жүргүнчүлөрдү ташуудагы накта баш оору ошондо башталат. Эгер, шаар бийлиги жүргүнчүлөр үчүн ошончо шарт түзгүсү келсе, анда эскилиги жеткен кичи автобустарды “Mercedes-Benz-Sprinter” үлгүсүндөгү маршруттук кичи автобустар менен алмаштыруу жагын ойлонуштуруп көрүшсө болмок. Себеби, бул үлгүдөгү кичи автобустар ыңгайлуу да, ылдам да, жүргүнчүлөр да көп батат.

Эми айдоочулардын жол коопсуздук кызматкерлерине карата айтылган нааразылыгына келсек, бул жерде аларга 100% кошулабыз. Акыркы жылдарда жолдо жүрүү эрежелерин бузгандарга карата айып пулдар гана көбөйүп жатат, бирок мындан жол кырсыктары азайып кеткен жок. Тилекке каршы, жол коопсуздук кызматкерлери анын себептерин изилдебей эле, күнөөнү бир жактуу айдоочуларга шылтап тим болууда.

Талаш жок, айдоочулар жол эрежелерин бузуп айдашат, мунун бир гана себеби бар, жол эрежелеринин дээрлик негизги бөлүгү союз убагында кабыл алынган да, ал жол эрежелери бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт. Ошондон улам, айдоочулар каалайбы же жокпу, жол эрежесин бузууга аргасыз. Айталы, эмне үчүн, айдоочулар бурулуштарда экин-чи тилке аркылуу бурулууга уруксат берүүнү талап кылып жатышат. Анткени, автотыгындардын баары дал мына ушул бурулуштарда жаралат. Бир карасаң, баары эле ордунда тургандай, жол чырак турат дегендей, бирок, ал жол чырактын жашылы күйгөндө, түз кетип бараткандар өтө беришет да, бурула тургандары, бурулганга жетишип калса, 1-2өө бурулат, калгандары кала берет. Экинчи тилкеден бурулууга уруксат болбогон соң, жарым саат-бир сааттык тыгын жаралат. А шашып жаткандар айласы кеткенде, жол эрежесин миң каалабаса да бузганга аргасыз болушат. Мына маселе кайда? Муну жол коопсуздук кызматкерлери билбейби? Билет, билгенде да эң сонун билет, алар жол коопсуздугун сактоонун ордуна ошол бурчта кайсы айдоочу жол жүрүү эрежесин бузат деп ач күсөндөй аңдып отурат.

Бул ыңгайсыздыктан чыгуунун жолу барбы? Бар! Ахунбаев – Совет жана Гагарин-Кривоносова көчөлөрүнүн кесилиштеринде “акылдуу” жол чырактар пайда болду. Жол чырактын бир капталында солго бурула турган автомашиналар үчүн атайы жол чырак орнотулган. Кыймыл канчалык көп болсо да, тыгын дээрлик жок. Демек, мына ушундай “акылдуу” жол чырактарын орнотуу аркылуу автотыгын маселесин чечсе болот. Албетте, жол коопсуздугун сактагандар чын эле кызыкдар болсо. Дегинкисинде, экинчи тилкеден кайрылуу маселеси да колдоого арзыйт.

Шаардык транспорт башкармалыгына сунуш

Эки-үч күндөн бери мэрия жаңы троллейбустук линия ачып салдык деп айтып түгөтө албай жатат. Албетте, биз да сүйүнсөк болор эле, бирок шаардык жүргүнчүлөрдү сүйүнтө турган эч нерсе көрө алган жокпуз. Жаңы ачылган №2 троллейбустук каттам Аламүдүн базарынан башталып, Жибек Жолу менен келип, Чүй проспектиси менен Фучикке чейин барып, кайра барган жолу менен артка кайтат экен. №3 троллейбустук каттам Дыйканчылык институтунан башталып, Жал кичи районунан аяктайт экен.

Бу схеманы чийген азаматтар шаардык жүргүнчүлөрдү тейлөөнү эмес, башканы ойлойбу деп калдык. Дегенибиз, Бишкек — шаардын борбордук бөлүгү менен чектелбейт. Айталы, №4 троллейбусту капкачан эле бир башын “Булгаары заводу” кылып, экинчи башын Совет көчөсү аркылуу Ахунбаевге алып чыгып, андан Тыналиевден солго буруп, Түштүк Магистралдан оңго буруп, аягын №4 ооруканага алпаруу жана бул багытта каттаган троллейбустардын санын көбөйтүү керек болчу. Мына ошондо маршруттук кичи автобустар каттаган көп каттамдардын өзүнөн өзү зарылдыгы болбой калмак. Айталы, ошол эле №3 троллейбус каттамын Дыйканчылык институтунан Жалды карай эмес, Аламүдүн кичи району тарап багыттаса болбойбу. №2 троллейбус Чүй проспектисинин баш-аягын (Чолпон-Ата көчөсүнөн Киркомстромго чейин) бириктирип жүрсө, маршруттук кичи автобустар каттаган канча каттамдар кыскарар эле.

Айтор, троллейбусу болобу, автобусубу шаардык муниципалдык транспорт башаламан, ойкелди жүрүп жатат. Аны тартипке салгысы келген шаар бийлигин көрбөйсүң. Анан мына ошол башаламан шаарда кантип транспорттук коллапс жаралбасын?!!