Ысык-Көл фондунда 13 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунда 13 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу болгону аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, фондду башкаруу дирекциясынын 2016-жылдагы иши боюнча аудит жүргүзүлп, акчаны өздөштүрүүдө ачыктык камсыздалбай, жергиликтүү тургундардын пикири эске алынбаган.

13 миллиондун ичинен 900 миң сом айлык иретинде мыйзамсыз төлөнүп, 12 миллиону курулуш иштеринин баасын көбөйтүп көрсөтүүгө кеткени аныкталган.

Дебитордук карызды төлөөдө, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө да мыйзам бузуулар болгону айтылууда.