Түркияда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт

Түркияда 24-июнда мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган оппозициялык Улуттук кыймыл партиясынын башчысы Девлет Бахчели менен жолукканда айтты.

Ал ошондой эле шайлоолордун мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү президенттик башкаруу системасына өтүү керектиги менен түшүндүрдү. Шейшемби күнү Бахчели парламенттеги Улуттук кыймыл фракциясынын жыйынында Түркияда президенттик система толук орной электигинен улам, 2019-жылы 3-ноябрда боло турчу шайлоону күтүп отуруунун кажети жоктугун айткан.

Белгилей кетсек, 2019-жылы 3-ноябрга белгиленген шайлоодон кийин 2017-жылы апрелде өткөн референдумда кабыл алынган президенттик башкаруу жөнүндөгү токтомдор күчүнө кирмек.