Эл аралык террорчулук уюмдун мүчөсү кармалды

Кыргызстандын жарандарын экстремизмге үгүттөөгө каршы уюштурулган операциянын алкагында 17-апрель күнү эл аралык террордук уюмдун 36 жаштагы мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалдымат кызматынанан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал эл аралык террордук уюмдардын жетекчилеринин көрсөтмөсү менен 2015-жылы Сирияга Кыргызстандын төрт жаранын үгүттөп жиберген.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси (Жалданмачылык) боюнча кылмыш иши козголуп, шектелүүчү тергөө абагына киргизилди.