“РАЖ” фракциясы көпчүлүк коалициянын курамына кирди

Өкмөттүн тарашы менен учурдагы көпчүлүк коалициясы ошол эле курамда калды, ошондой эле анын курамына дагы “Республика-Ата-Журт” кирди.

Көпчүлүк коалициянын жана КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учурда «РАЖ» фракциясы коалицияга кирип калышы мүмкүн экенин айткан болчу. Буга “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев каршы чыккан.

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков: “Бардык үч фракция («КСДП», «Кыргызстан», «Бир бол») сунушту карап көрүп, Республика-Ата-Журттун көпчүлүк коалицияга киришин колдошту. Бир мен гана “каршы” болдум. Эми бардык фракция лидерлери жакынкы арада өкмөт башчылыкка талапкер көрсөтүүлөрү керек”,-деп билдирди.

 

Ошентип, оппозицияда “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары калды.