23-апрелге карата аба ырайы

23-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй өрөөнүндө 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29,

Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 18….23,

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден 14 метрге чейин жетиши мүмкүн.