Президент Алмазбек Атамбаев “Энекем” аттуу ырын чыгарды (видео)

21-майда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин “Энекем” аттуу кыргызча ыры жарык көрдү. Интернетке чыгарылган ырды президент өзү аткарып, клиптин кадрларында ал өзү туулуп өскөн “Арашан” айылынын көрүнүшү тартылган. Президенттин ыры “Энелер күнүнө” карата жарыяланды. Анткени Кыргызстанда май айынын үчүнчү жекшембисинде жыл сайын «Энелер күнү» катары белгиленет.

Жалпыга маалымадоо каражаттары жазган боюнча президент Алмазбек Атамбаев буга чейин кыргызча жана орусча бештен ыр чыгарган.