Кырк жашка чейин “Манасты” айта албай…

Дүйнөдө жүздөгөн улут жашаса, кыргыздан башка эч бирөөндө жарым миллион сапты жатка айткан бирөө болгон эмес. Мындай өзгөчөлүктү, кайталанбас талантты, айтып бүткүс кереметтүү касиетти Алла Таала кыргызга гана ыроологон экен. Ондогон кылымдар бою “Манасты” угуп, үйрөнүп, айтып, кыргыз эли өздөрүн коргоп, сактап, ушул заманга чейин жетип олтурат. Баа жеткис мурасыбызды калайык калкка жеткирүүдө, сактоодо манасчылардын эмгеги зор болгон. Ошондой залкар манасчылардын бири Жүсүп Мамай.

Жүсүп Мамай 1918 -жылдын 18-апрелинде Кытайдын Шинжаң Уйгур автономдуу районундагы, Ак-Чий оода-нынын Кара-Булак айылындагы, Меркеч деген конуштагы, Ат-Жайлоо деген кыштоодо Черик уруусунун үй- бүлөсүндө жа-рык дүйнөгө келген.

Анын атасы Мамай, энеси Бурул 27 уул-кызды көрүп, андан агасы Балбай, эжеси Ырапкан, Жүсүп гана аман калган. Жүсүптү энеси 61 жашында көргөн экен. Жүсүп 6 жашынан эле агасы Балбай менен бирге отуруп, Ыстам кожо деген молдодон билим ала баштайт. Кийин кашкарлык Назар кары, андан соң Үсөнакун деген молдодон окуйт.

Мамай колунда бар, жетиштүү адам бол-гондуктан Стамбул, Ташкент, Казандан чыккан китептерди мүмкүнчүлүгүнө жараша алдырып, балдарын окутууга аракеттерди жасайт. Агасы Балбай да ага “Манас” баштаган бир топ адабий китептерди берет.

Атасы Мамай мусулманчылыкты бекем кармаган, өз мезгилинде сабаттуу адам болгондуктан, Мекеге ажыга барып келет. Бул убакта Балбай 10 жашка чыгып калган өспүрүм болот. Баласынын жаштыгына карабастан Абылбай дегендин эстүү кызына үйлөнтүп коюшат. Мусулмандын эрежеси-не ылайык, кийин 12 жашка, балакатка жеткенде гана кошулушат.

Алгачкы жолу “Манасты” айтышы

1940-жылдын  февраль  айы. Жүсүп  22  жашка  чыгып, каруу-күчкө толуп турган убагы эле. Ал кезде кошуна эки өлкө сый мамиледе болуп, Бедел ашуусу тарапта кытай-совет таш жолунун курулушу жүрүп, көптөгөн адамдардын арасында, Жүсүп алгачкы жолу үч түнү бою тынбастан “Манасты” айтат. Алардын арасында кыргыздар, казактар, уйгурлар, кытайлар ж.б. көп улуттун өкүлдөрү болгон. Жолдун курулушу токтоп, жүздөгөн эл эл-жерине жеткенче жолдо “Манасты” айтып, ого бетер элге тааныла баштайт. Бир топ такшалып калат. Айылына келгенде мектепте мугалимдик кызматта иштеп, балдарга “Манасты” кара сөз менен айтып берип жүрөт. Көпчүлүк суранган жерде да алардын шагын сындырбай “Манасын” айтат. Бирок, бир кезде атасы: ”Кырк жаштан өтмөйүнчө “Манасты” айтпа” деген накыл сөзү эсине түшүп, аргасыздан “Манасты” айтууну токтотуп, эми колуна калем кармайт.

Кылыч Молдонун куржунундагы китептер

Кытайлык  кыргыздардан  чыккан улуу  манасчы  Жүсүп  Мамайдын бир  эскерүүсүндө   жазганын  кыскартып берүүнү туура көрдүк: “…1927-жылы  Кара-Булакта,  Ат-Жайлоонун Чуңкурчак деген жеринде, беш үйлүү киши менен отурган кезибизде, намаз шам маалда бир кара куржунду атка салаңдатып артып алган киши бир атты минип, бир атты жетелеп келип калды. “Мамайдын үйү кайсы?” – деп сураганда, үйдөн энем да, атам да: “Ой, бул Мамыркандын үнү!” – деп

жүгүрүп чыга калышты да, аттан түшүрүп, үч күн өргүп калды.Үч күндөн кийин, эртең менен чай ичип отурганда:

”Дагы биртике тур”, – дегенде: ”Эми турсам, башыма, балээ таап алам. Тээтиги куржун менин агам Кылыч Молдонуку. 1922-жылы атылды (биздеги маалымат боюнча 1917-жылы каза болгон. – М.Б), катып жүрүп, Балбай китепке жакын киши эле деп эстеп, мында артынып алып келдим, – деп айтып, куржунду бизге таштап кетти…

Ошентип, кийиктин терисинен боёп жасалган булгаары кара куржун 83 китеби менен келип Балбай Мамайдын колуна-тийген…

(Балбай  Мамыркандын  Зыйна (Гүлжамал) деген кызына үйлөнгөн экен, ал киши 1976-жылы каза болуптур)

…1883-жылдан  1909-жылга  чейин жыйып-терип сактаган, “Манастан” – ”Сейтекке” чейин, тарых, санжыра, дин, адабий

китептен-ырларга чейинки китептер бар эле. Молдо Кылыч: “Жети каганга чолоом тийбей калды”,-деп жазып койгон….

Ошол китептердин 82си Кытайдагы “маданий төңкөрүш” убагында өрттөлүп жиберилген. Бир тал Куран калып калган. Бир эле күн кечиккенде, наркы бир үйгө катып койбос белем, кап, кап, кап!…”

Чындыгында эле Жүсүп Мамай катуу өкүнгөндөй эле жаман иш, орду толгус жоготуу болгон экен. Болбосо ошол 82 китеп бүгүнкү күнгө жеткенде маданиятыбыз, адабиятыбыз, тарыхыбыз бир топ байып калбайт беле, армандуу дүйнө.

Жүсүп Мамайдын мээнети

“Манас” бабабыздан баштап, “Эр Төштүк, “Курманбек”, “Багыш”, “Толтой”, “Кыз Сайкал”, “Буудайкан”, “Муз-бурчак”, “Аккуубак”, “Тайыр-Зуура”, “Сынтыгыр балбан”, Көбөн баатыр, “Тутан баатыр”, “Мамаке-Шопок”, “Жоодарбешим”,

“Ажыбек”, “Жети каган”, “Эрегиш-Коён”, “Алп Тейитбек”, “Сейитбек”, “Шырдакбек” сыяктуу кыргыз элинин кылымдардан кылымдарга, муундан муунга өтүп келе жаткан эпос, дастандар Жүсүп Ма-майдын чанда гана адамдарга берилүүчү таланты,  кажыбаган  кайраты,  маңдай тер  төккөн  мээнети  болбосо  бүгүнкү күнгө жетип, келерки урпактарга калат беле!

Үстүнө кара булут айланып, жөө жүргөндө…

1959-жылы  Жүсүпкө  саясий айып  тагылып,  артынан көзөмөл коюлуп, дыйканчылык иштерге чегерилет.

Ал эми 1966-1978-ж.ж.Кытайдагы 12 жыл  бою  жүргүзүлгөн  “маданий  төң-көрүштө”  “Манас”  баш  болгон  айрым

чыгармалар караланып, Жусуп Мамай да күнөөгө тартылып, жазага кириптер болот. 12 жыл бою көргөн кордуктары, тарткан азаптары, моралдык жактан басмырлануу, адам чыдагыс оор жумуштар улгайып калганда, 60 жашында өпкө, белди алсы-ратып, кызыл жүгүрүк дартына кабылтат. Беш жыл бою төшөктө жатып, чүнчүп, ал-күчтөн тайып, табыят берген касиеттеринен (доо кете) ажырай баштайт. Мына ушундай кыйын-кысталыш мезгилде “тили сүйлөбөсө да, дил түшүнгөн, кулагы укпаса да, сыр алышкан, 61 жыл чогуу жашаган” кийинки алган зайыбы Айтбүбү, кыздары Нурбүбү менен Бактыгүлдөрдүн Жусуп  атага  болгон  өзгөчө  жылуу-жумшак  мамилелерин  айтпай  кетүүгө болбойт.

Башына бак конуп, төө мингенде…

“Өлбөгөн  адам  алтын  аяктан  суу ичет”  деген  макал  туура  тура. Заман өзгөрүлүп, Жүсүптүн турмушунда да жаңылыктар пайда боло баштайт. 1978-жылдын 22-ноябрында “Манас” эпосун жаздырууга Жусупка чакыруу келет.

Үчүнчү жолу улантылган бул маанилүү иште Жүсүп Манастын 7-урпагы болгон Сомбилек баянынан 14800, 8-урпагы болгон Чигитей баянынан 12325 сап ырды кагазга түшүрөт.

1979-жылдан баштап Жүсүп Мамай тарабынан жазылган дастандар Кытайда жана чет өлкөлөрдө басмадан жарык көрө

баштайт.

1990-жылы”Манастын”  1-бөлүгүнүн калган 2,3,4-томдору, 1991-жылы ”Семетейдин” 2,3-томдору, 1992-жылы “Сейтектин” 2-тому Шинжаң Эл басмасынан басылып чыгат.

1995-жылы ”Манас”эпосунун 5-бөлүмү-”Сейиттин” 2 тому, 6-бөлүмү – ”Асылбача-Бекбачанын”  2,3-томдору,  7-бөлүмү  –  ”Сомбилек”, 8-бөлүмү-”Чигитей” ар бири бир томдон болуп жарык көрөт. Ошентип  “Манас”  эпосунун  18  томдон  турган Жүсүп Мамайдын жазуусундагы 8 урпактын баяны толугу менен басмадан чыккан.

Жүсүп Мамайдын мээнети жанып, Кытай мамлекетинин жогорку даражадагы сыйлыктарына татыктуу болот.

Кытайдын эң жогорку сыйлыктарынын бири «Тоо Гүлү» сыйлыгына эки жолу татыган.

Жүсүп Мамай “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамын алган.

Биринчи даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган. 2014-жылдын 30-майында  Кыргыз  Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык Жүсүп Мамайга «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» даражасы ыйгарылган.

Заманыбыздын  залкар  манасчысы Жүсүп Мамай 2014-жылдын 1-июнунда  97  жаш  курагында  акка  моюн сунган.

Бактыбек МАКСҮТОВ, КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты