Кыргызстан майыптар өлкөсүнө айланып калбаса экен

Кийинки айларда Бишкек жана Ош шаарларынын үстүндө фотохимиялык туман (смог) пайда болуп, ал эски ооруларды козгоп, жаңы ооруларды пайда кылып жатканы Кыргызстандын бардык маалымат булактарынан айтылып жатат. Кандай куракта болсо дагы адамдын ооруганы аянычтуу, бирок эң өкүнүчтүүсү, ойносо оюнга тойбой турган убактысында жаш балдардын ооруканаларда жаткандыгы жана катуу оорулардын жашарып баратышы кооптондурат. Мисалы, 2009 жана 2016-жылдардагы Улуттук отчетко кирген маалыматтарда төмөнкүдөй өсүштү көрүүгө болот. Эгерде, 2009-жылы лейкемия (ак кан) оорусу менен 1-2 бала онкологияда жатса, 2015-жылы бул оору менен 53-54 бала жаткан. Ал эми ар кандай деффектилери бар (колу-буту иштебеген мунжу, кем акыл ж.б.) майып балдар 2009-жылы 100 баланын ичинен 3-4төө төрөлсө (бул деле көп), 2015-жылы 100 баладан 23-24 бала төрөлгөн. Алты жылдын ичинде оорулуу, майып балдардын саны ушундай өсүп жатса сөзсүз кооптонуу жаралат. 2015-жылдан кийин деле бул сандар азайган жок, себеби адамдар жаратылышка мурункудай эле кайдыгер мамиле жасап жатышат. Бул аз келгенсип 2017-жылы Япониядан 1500ге чукул радиоактивдүү машиналар алынып келинди.

Илимпоздор изилдеп Жатабыз

Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин органикалык эмес химия жана химиялык технология кафедрасында 2005-жылдан бери “Айлана-чөйрөнүн химиялык заттардан булгануусу жана анын кесепеттери” деген темада илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп келе жатат. Анын жыйынтыгында 2012-жылы “Геохимиянын экологиялык проблемалары” жана

2015-жылы “Айлана-чөйрөнүн химиялык заттардан булгануусу жана анын кесепеттери” деген эки илимий китеп КУУнун ички гранты боюнча жазылды. Бул изилдөөлөрдө айлана-чөйрөгө (абага, сууга, топуракка) ар түрдүү химиялык заттардын таралышы жана алардын булактары, келтирген зыян-дары жөнүндө изилденген.

Каптаган кара тумандын сыры

Таштандыларды, белокторду, ж.б. азоту бар заттарды өрттөгөндө абага NO2(күрөң газ) чыгат. Бул газ абадагы чаң ж.б. аэрозолдор менен аралашканда фотохимиялык туман пайда болот. Өнөр-жай ишканалары, транспорту көп шаарлардын үстүндө дайыма «кара туман» болуп турат, аны биз өзүбүздүн эле Бишкектен көрүп жүрөбүз. Фотохимиялык туман адамдардын дем алуу органдарынын оорусуна алып келет, эски бронхит, астма, пнемония, өпкөнүн эмфиземасы, көз оорулар, жүрөк оорулар күчөйт, себеби тумандын курамындагы аэрозолдордо түстүү жана кара металлдардын чаңдары кадмий, сымап, иод, коргошун, нитраттар, сульфаттар, нефть, дифенил, диоксин, пестициддердин майда бөлүкчөлөрү болот.

Фотохимиялык туман күндөн түшүүчү ультрафиолет нурларын өткөрбөй анын натыйжасында жердин үстүндө чирүү процесстери жүрөт жана бул чирүүдөн чыккан газдар, чаңдар адамдын организминде ооруларды пайда кылат. Мындай чаңдардан (аэрозолдордон) сактаныш үчүн айлана-чөйрөнү  таза  сактап,  бак-дарактарды көбөйтүш керек, себеби бактардын жалбырактарына чаңдар (транспорттон, ЖЭС-терден чыккан) конуп-чөгүп, андан ары абага тарабай, учпай калат.

Дегеле, бак-дарактардын адамдар жашаган жерлерде көп болуусу, адамдардын ден-соолугу таза болушуна, оорубашына, таза аба менен дем-алуусуна өтө чоң ролу бар, ошондуктан ар бир баланы бак-дарак тигип, аларды сугарып, багып туруусуна үйрөтүш керек. Бул болсо ата-эненин, мугалимдердин, тарбиячылардын милдети болот жана өзүлөрү үлгү көрсөтүш керек.

«Күрөң газ» (NO2) да кислоталык оксид жана суу менен кошулганда эки түрдүү кислоталарды пайда кылат.

2NO2+H2O=HNO3+ HNO2

Жогоруда  айтылгандай,  азот  кислотасы HNO3– күчтүү кислота болгондуктан,  топурактын  чөйрөсү  кычкыл pH<7 болуп калат да андан өсүмдүктөр, өсүмдүктөрдөн  тамактанган  адамдар жабыркайт.

Кычкылтексиз кыймыл жок

Жаратылышта абанын курамында кычкылтек аз эле. 100 л абада болгону 21 литр кычкылтек, калганы азот 78%, 1%ы башка инерттүү газдар. Бул курам таза абанын курамы, ал эми антропогендик факторлордун негизинде абанын курамы

аябай өзгөрүп, булганды. Ошол 21% кыч-кылтекти адамдар, жаныбарлар дем алыш үчүн жаратылыш берген жана кайра калы-бына келтирип туруш үчүн өсүмдүктөрдү жараткан. Кычкылтек менен дем алганда адамдын канынын курамындагы гемоглобин кан аркылуу организмдин бардык точкаларына, клеткаларына кычкылтекти жеткирет. Келген кычкылтек менен организмде кандайдыр бир химиялык, биологиялык реакциялар жүрүп, энергия бөлүнүп чыгат. Ошол энергиянын негизинде биздин организмибизде дайыма 36,60С температура болуп, колу бутубуз кыймылдап, мээбиз иштеп, көзүбүз көрүп, кулагыбыз угуп б.а. адам жашайт.

Жогоруда айтылган реакциянын натыйжасында адамдар, жаныбарлар CO2- көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат.

дем алуу:

(СН2О)n+nO2 → nCO2+nH2O+E

Бөлүнгөн  көмүр  кычкыл  газын өсүмдүктөр сиңирип, өсүмдүктөрдүн организминде күндүн энергиясынын таасири менен фотосинтез реакциясы жүрөт.

фотосинтез:

nCO2+ nH2O+E →(CH2O)4+nO2

E – энергия, (СН2О)4– көмүр суулар

Ошентип, кычкылтек кайра калыбына

келип турат.

Бирок,  азыркы  учурда  токойлор өрттөнүп, бак-дарактар кыйылып, ооруп, адамдардын, жаныбарлардын саны көбөйүп,

бензин (транспорт) газ, отундар күйгөндө да кычкылтек колдонгондуктан, кычкылтек кайра калыбына келбей аз болуп жатат, ошондуктан адамдар ар түрдүү оорулар: аз кандуулук, ак кан ж.б. оорулар менен ооруп жатышат.

Бак-дарактардын көп болгону багыбыз

Кычкылтек аз болгон чөйрөдө от-ундар: көмүр, газ, бензин, таштандылар күйгөндө СО2 – көмүр кычкыл газы менен кошо эле, СО – көмүр (II) оксиди пайда болот. Бул СО – газын «ис» газы дейбиз. «Ис» газынын абадагы нормасы 1м3

же 1000 л абада 20 мг СО болуш керек, ал эми транспорт «тыгындары» пайда болгондо, абадагы СО концентрациясы 4-8 эсеге чейин көп болуп калат. «Ис» газы менен дем алган адамдын адегенде башы айланып, кускусу келип, башы ооруп, ууланат. Эгерде абада СО концентрациясы 10-80% болгондо адам өлөт.

Бул процесс мындай түшүндүрүлөт. Бүт организмге кычкылтекти жеткирүүчү гемоглобин эки валентүү темирдин (Fe

+2) комплекс – бирикмеси. Аба менен кошо (СО) «ис» газы киргенде гемоглобиндин курамындагы Fe+2– (темирди) тартып алып Нb-гемоглобин HbСО – карбоксигемо-глобиндипайда кылат экен. Ал эми темири жок гемоглобин такыр башка затка айланып, өзүнүн функциясын аткара албай, кычкылтекти организмдин точкаларына жеткирбей калат, ошондуктан адам өлүмгө учурайт же аз кандуулук, ак кан оорулары менен ооруйт.

Абадагы «ис» газынын (СО) концентрациясы аз болуш үчүн дагы бак-дарактардын көп болгону жакшы, себеби фотосинтез реакциясынын негизинде кычкылтек көп пайда болуп, отун күйгөндө СО2эле бөлүнүп чыгат.

СО2– көмүр кычкыл газынын көп пайда болушу дагы зыяндуу, себеби «парник газдарынын» негизин (60%) ушул газ жана суунун буулары түзөт. «Парник газдары» «парник эффектисин» пайда кылып, ал болсо климаттын ысышына алып келип жатат.

Казакстандын Кулан көмүрү кууратмай болду

Радиоактивдүү нурлар организмге киргенде, ошол жердеги канбы, суубу же клеткабы алардын молекулаларын радикалдарга айлантып жиберет. Радикалдар активдүү бөлүкчөлөр, ошондуктан андан ары чынжырлуу реакция жүрүп молекулалар бузула берет, Бул болсо адамдарды ооруга алып келет. Нур оорулардын жаман жери анын укум-тукумга терс таасирин бергени. Экинчи, үчүнчү муунга чейин созулат, ошондой эле эркектердин тукумсуздугуна алып келет экен. 1945-жылы Нагасаки, Хиросима шаарларына түшкөн атом бомбасынан Япония азыркыга чейин жабыркап келе жатат. Ар түрдүү деффектиси менен адам-дар, жаныбарлар төрөлүп, өсүмдүктөр да ооруп жатышат.

Бизде  болсо  2011-жылкы  уулуу көмүрдүн, оор металлдардын жана башка зыяндуу заттардын натыйжасы болсо керек, эгерде 2009-жылы Кыргызстанда 100 баладан 3-4 бала деффект (мунжу, кем акыл, ар – түрдүү кемтиги бар) менен төрөлсө, 2015-жылы 100 баладан 24-25 бала деффект менен төрөлүп жатат. Анда Казакстандын Кулан көмүрүнүн (норма 18 микрорентген/саат болсо, Кулан көмүрүнүн радиациялык фону 180 микрорентген/ саат болгон, же 10 эсе көп) таасири да болуш керек. Ошол көмүрдүн 4500 тоннасы (фону 60-70 болгон) дагы эле ЖЭБдин жанында жатат. Ойлоп көрсөңөр, бул балдардын, алардын ата-энелеринин убалы кимге? Жогоруда айтылгандар балдардын эле статистикасы,

чоңдорду кошсо өтө көп болот. Коляскада жүргөн адамдардын саны деле көбөйгөнүн көрүп жүрөбүз, канчасы үйдө ооруп жаты-шат, ар түрдүү рак оорусу менен.

Коргошун менен ойнобо

Оор металлдар да айлана-чөйрөгө таралат. Коргошун, сымап бензинге кошулат, күйүүнүн ылдамдыгын акырындатыш үчүн. Рb(C2H5)4тетраэтилкоргошун күйгөндө –С2Н5радикалдар СО2, Н2О айланып, коргошундун нанобөлүкчөлөрү

айлана-чөйрөгө  таралат.  Эгерде  сууга, өсүмдүктөргө коргошун түшсө аны ичкен, жеген убакта адамдын организмине кирет жана заара, тер ж.б. менен организмден чыгып кетпейт. Ошентип, коргошун муундарга топтолуп адам шал же башына топтолсо кем акыл (Алцгеймер оорусу) болуп калат. Транспорт көбөйгөндө коргошун да айлана-чөйрөгө көп таралат, ошондуктан коргошун менен уулануу да көбөйөт.

Үнөмдөөчү жарык шамдары кооптуу

Сымап да аккумуляторлордо, батереяларда, сымап лампочкаларында болот, ал эми организмге сымаптын буусу киргенде конденсацияланып, ал кан менен кошо айлана берет. Мээге барган убакта, мээнин бир точкасына туруп калса ошол жердеги мээнин командасы иштебей калат да адамдар оорушат. Сымап сулемага (HgCl2)айланса, сулема– өтө уулуу зат, ал организмге кирсе тез эле өлүмгө алып келет. Мурунку термометрлерде сымап болгон, коопсуздук эрежесинин негизинде азыркы термометрлерге сымапты колдонбой калышты.

Энергияны үнөмдөөчү лампочкаларда ар биринде 150 мг сымап болот, эгер лампочка сынса 500000 м3же 500000000 л абаны булгайт экен, ал эми бизде ремонт жасашып, көптөгөн лампочкаларды таштандыга таштап жатышат.

Жол жээгинде өскөн же сатылган жашылчаларды жебегиле

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тизмеси боюнча кадмий коргошунга караганда уулуу. Жыл сайын дүйнөдө 20000 тоннадан ашык өндүрүлөт жана кадмий – күмүш аккумуляторлордо кеңири колдонулат. Кадмий касиети боюнча цинкке окшош, ошондуктан кээ бир химиялык процесстерде цинкти алмаштыра алат.

Кадмий менен ууланганда заарада белок көп болуп, нерв системасы бузулуп, сөөктөр ооруп, кан басымы өзгөрүп, бөйрөктө таш пайда болот. Кадмий айрыкча бөйрөктө тез топтолот. Эгерде адамдын организмине бир жолу 30-40 мг кирсе ал өлүмгө алып келет. Кадмий айрыкча автомобиль жол жээкте-ринде көп топтолот, ошондуктан жол жээкте өскөн жашылча-жемиштерди жебестен, аларды саткан убакта жол жээгинен 30-40 м алыс жайланышы керек.

Бир сигареттин курамында 2•10-9г бо-лот, тамеки тарткандар күнүнө 1-4 микрограмм алат. Кадмийге анализди β-2 микро-глобулин менен заарага жасашат. Чектелген концентрациясы (ПДК – 1•10-4%).

Өкмөтүбүз “Таза коом” түзөбүз деп аракеттенип жатышат. Бул үчүн жаратылышыбызды, айлана-чөйрөбүздү таза сакташыбыз керек. Ар бирибиз туура мамиле жазасак, кайдыгер карабасак, коррупция, контрабандага жол бербей, бардык аракеттерди эрежелер, мыйзамдар боюнча жасасак эле туура жыйынтык алабыз деп ойлойбуз.

Сайнаке БООБЕКОВА, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ардактуу профессору, органикалык эмес химия жана химиялык технология кафедрасынын профессору.

Астра ДҮЙШӨНБАЕВА, Органикалык эмес химия жана химиялык технология кафедрасынын башчысы, х.и.к., доцент