Пара алууга айыпталган Башкы прокуратура кызматкери камакка алынды

Башкы прокуратуранын пара алууга айыпталган кызматкери тергөө аягына чейин камакка алынды.

МУКК басма сөз кызматы билдиргендей, 2018-жылдын 21-апрелинде пара алуу фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоолорду жана соттордо өкүлчүлүктөрдү колдоо боюнча башкармалыктын начальниги Ч.У. КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-1-беренеси (Пара алуу) боюнча айыбы угузулду.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Ч.У карата тергөө аягына чейин МУКК ТКЖ камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасын карады.

Тергөө жүрүп жатат.

Булак: Кабар