Ишенгеним милиция болсо…

«Кыргыз Туусу» газетасынын башкы редакторунун биринчи орун басары Мырзакат Тыналиевге

Мен сиздин «Коом жана укук» рубрикасынын алдында жарыялаган макалаларыңызды көптөн бери кызыгуу менен окуп келемин. Сиздин макалаларыңызда көтөрүлгөн маселелер ушул катты жазууга мага түрткү болду. Кылмыш иликтөө, тергөө органдарынын адамдын тагдырына, ата-энесинен ажыраган жетим балдардын, баласынан ажыраган энелердин көз жашына, алардын катарында мага да кайдыгер мамилеси мени ушул кадамга барууга мажбур кылды.

Бүгүнкү  күндө  жол  кырсыктары күч алып жүздөгөн күнөөсүз адамдар жарык дүйнө менен кош  айтышууда.  Мындай  абалдын болушуна негизги себеп – күнөөлүү кылмышкерлердин  иши  ар  түрдүү жолдор  менен  жабылып,  татыктуу  жазаларын  албай калышы, тергөө органдарынын жоопкерсиздиги, кайдыгерлиги, паракорлугу жана алардын үстүнөн

талаптагыдай көзөмөлдүн жоктугу, алардын өзүнүн напсисин, курсагын адамдын өмүрүнөн жогору койгондугу, жетим-жесирдин көз жашынан, элдин каргышынан, акырында кудайдан да коркпогондугу деп эсептеймин.

Милиция жабырлануучунун укугун коргоонун ордуна кылмышкерди коргоп, туугандарынан тосмо арыз жаздыра коюп , кылмышкерден параны алып, ишти жаап жиберүүдө.

Жакында Кербен шаарында айдоочулук укугу жок милициянын кызматкери мас абалында бир досу менен мелдешип, шаардын ичинде жогорку ылдамдыкта айдап баратып, жолдон чыгып барып, жолдун четинде турган 4 адамды машинасы менен коюп кетип, 3 адам жарык дүйнө менен кош айтышты, 1 адам өмүр бою төшөктө жатчу майып болуп калды.

Абалды көрүп туруп, милициянын жетекчилеринин бири ушул маселе каралган координациялык кеңеште “туугандары тосмо арыз берсе…” деп сүйлөп жатат. Бул эмне деген сөз, эмне деген мамиле?

Энесиз жетим калган балдардын убалы кимге? Алар өмүр бою эне-ата мээримине зар болуп өтөт… Ушинтип ичип алып кылмыш жасагандар акчасын берип кутулуп кетсе, адам өмүрү акча менен бааланып, жол кырсыгы мындан да көбөйө берет.

Милиция  кызматкерлеринин  бардыгы  эле  жаман дегенден алысмын. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей «милиционер кумалактардан» арылбасак, миң «реформа» деген менен ар бирибиздин жүрөгүбүз, ички рухий дүйнөбүз тазармайынча оңолбойбуз.

“Ишти баштап эле берсе, калганын судьялар өздөрү билишеби?” аттуу макалаңызда: «Реформалар жасалып жатканы айтылат, ал үчүн бюджеттен жана эл аралык донорлордон каражаттар алынат. Бирок, ал аракеттердин майнабы жөнүндө айтуу эрте. Анткени сот системасынын өзүндө мыйзам бузуулар четтен кездешет» («Кыргыз Туусу» 6.02.2018-жыл. №9) деп сиз белгилегендей, соттордун акыбалы ушундай болсо, прокурор менен милицияга кудай төшүн берди да.

Менин балам да мындан 3 жыл мурда жол кырсыгына кабылып, кайдыгерликтин курмандыгы болду. 3 жылдан бери кылмышкерди милиция издеп табат деген үмүттө жүрө берипмин. Акыйкатчыл депутат деп, Ө.Текебаевге да кайрылганмын, ал ошол кездеги ички иштер министри Мелис Турганбаевге 06.04.2015-ж. кат жөнөтүп тим болду. ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын начальниги Р.Махмудов (20.04.2015-ж.), Бишкек шаардык прокуратурасынан бөлүмдүн ага прокурору  К.Досматов  (04.12.2014-ж.), ИИМдин жол кайгуул кызматынын начальниги С.Дьяченко

(14.08.2015-ж.) өз жоопторунда жол кырсыгына күнөөлүү белгисиз айдоочу менен белгисиз ав-тотранспорт  каражатын  издөө амалдары жүргүзүлүп жатат деген маанидеги жоопторду жазуу менен чектелишти.

Буларга  окшоп  элден  алган салыктын эсебинен айлык алып, элге кызмат кылуу, кылмышка  каршы  күрөшүүнүн

ордуна,  кылмышкерди  жашырып, элге кыянаттык кылган, жеген-ичкени арам, акча менен байлыктын кулу болгондорго мындан ары ишенбеймин.

Сиздей журналисттерди ак эмгеги менен нан таап жеген, таза адамдар деп эсептеп сизди Кыргызстанга белгилүү журналист деп билемин. Ошондуктан сизге кайрылууну туура таптым.

2014-жылдын 11-октябрынан 12-октябрына караган түнү саат 23төн 24кө чейинки убакта уулум 1984-жылы туулган Өмүрбеков Бектурсунду Бишкек шаарынын Ден-Сяопин көчөсүндөгү «Чынар» кафесинин алдындагы жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөн машиналар адамдарды өткөрүп, токтоп турган учурда ал өтүп баратканда «Субару» маркасындагы ак же күмүш түстөгү автомашина өтө катуу ылдамдыкта келип сүзүп, токтобой качып кеткен.

Анын жанында болгон келиним Гүлкайыр жана досу Эдик балам менен алагды болуп калышып, автоунаанын номерин көрбөй калышкан, Эдик артында жылдызчасы бар «Субару» үлгүсүндөгү ак же күмүш түстөгү автомашина экенин гана эстеп калган.

Ошол түнү «Чынар» кафесинде Ленин РИИБде иштеген Абдраим аттуу киши (тел.: 0772 30 66 40) той өткөргөн. Ошол учурда тойдон чыккан жүздөн ашык адам окуяны көрүп турган. Эки адам автомашинанын артынан чуркап, токто деп кыйкырган. Анан «Мерседес» үлгүсүндөгү автомашина келип токтоп, Бектурсунду аялы, досу үчөөнү алып кеткен. Үч оорукана албай коюп, акырында Фучиктеги ооруканадан Айбек Каниетов аттуу врач (тел. 0550 10 40 82) кабыл алып, айдоочу менен кошо кирген Эдикти чыгарып жиберип, айдоочунун өзү калып, 5-10 мүнөт сүйлөшкөндөн кийин айдоочу кетип калган. Врач А.Каниетов, ошол жердеги дежур медициналык кызматкерлер айдоочунун аты-жөнүн, машинанын маркасын, мамлекеттик номерин катташкан эмес, ал жерден биринчи жардам көрсөтүлүп, №4 ооруканага тез жардам менен жөнөтүлгөн.

№4 ооруканада Калдыбек аттуу врач кабыл алып жардам көрсөтүптүр. Баламдын диагнозунда: “мээсиндеги майда капиллярлар жарылып, мээге кан чачыраган, мээси чайкалган, мээде шишик болгон, төрт кабыргасы сынган, жамбашынын эки жеринен жарака кеткен, ички органдары соо болгону” көрсөтүлгөн. Жандандыруу бөлүмүндө үч күн жатып, 15-октябрь күнү эртең менен каза болду.

12-октябрь күнү милициядан бирөө келип жазып кеткен. Ошол эле күнү шаардык ГАИге барып сурасак нөөмөтчү “иш кылмыш издөө бөлүмүнө берилген, арыз жазуунун кереги жок”, деп бизди кетирип жиберди.

13-октябрь күнү тергөөчү Рамис Тынышевге (тел. 0550 10 24 12) барып арыз бердим. Ал: “Издеп жатабыз, Таалай (0550 10 22 28) издеп жатат”, – деп анын телефо-нун берди. Таалайга телефон чалып, сурасам эч нерсе айта алган жок. Мен

ага ушундай маркадагы машиналар Кыргызстанда саналуу гана адамдарда болот экен, алардын тизмесин алып, таап текшерсе болорун айтсам, “Сен үчүн ошол жүздөн ашык машинаны бирден текшерип чыгышым керекпи?”, – деп телефонун өчүрүп койду. Мен ага кайра чалып: “Сен өзүң издебесең, ошол машиналар катталган жерде милиция бөлүмдөрү, участоктук инспекторлор бар, ошолор аркылуу издөө сал”, – деп айттым.

Ал эми Тынышевге “Ошол кафеде той өткөргөн адамды таап, тойго чакырылгандардын тизмесин алып, машинанын номерин көргөндөрдү, артынан чуркап, токто деп кыйкыр-ган адамдарды тапса болот, ошол жерде тойдон чыккан жүздөн ашык адам болгон, номерин көргөндөр болушу керек, кантип эле ошончо адамдан бирөө-жарым көрбөсүн, сурап көр” деп айттым. Кийин сурасам Тынышев “тойдун ээси Ошто жүрүптүр” деп койду. Андан кийин дагы чалсам, “повреждениеси бар эки машинаны текшердик, результат жок” деп тим болду.

Тынышев да, Таалай да окуя болгон жерге өз убагында барбаган же такыр эле барбаган себеби – мен алардын издөө, тергөө жүргүзүү үчүн машинасына бензин, телефонуна бирдик, өздөрүнүн тамагы үчүн акча беришим керек экен. Мурда башыма мындай иш түшпөгөндүктөн аны кийин билдим.

Тынышев балам каза болгонго чейин эч кандай иш кылбаптыр. Балам каза болгон 15-октябрь күнү ооруканага сырты толтурулбаган ичинде эч нерсеси жок актай делону алып келип, мага түшүнүк кат жаздырып, үч күндөн кийин иш козгоду.

11-ноябрь күнү Тынышевге телефон чалып сурасам, “Мындан башка да иш көп, эки машинаны текшердик, тойдун ээси Оштон келе элек, эми өзүм барып сураймын” деди эле, мен: “Бир айдан бери эч иш кылбапсың, жетим калган эки наристенин каргышы, көз жашы уруп кетпесин”, – десем, “Мени каргыш, көз жаш менен коркутпа”, – деп койду.

Мен тойдун ээси Абдраимге чалып: “Тойго катыш-кандардын тизмесин бербейсиңби”, – десем, “Менден тизмени эч ким сураган жок, сураса берет элем, тергөөчү мен Ошто жүргөндө бир жолу чалды, бүгүн чалды”, – деди.

Жыйынтыгында менде төмөнкү суроолор пайда болду.

Менин баламды ооруканага алып барган ким, ал эмне үчүн өзүн жашырды? Эмне үчүн врач менен жекече сүйлөштү? Адатта врачтар жабыркоочунун жакындары менен сүйлөшүшөт эмеспи? Врач, каттоо журналын жүргүзгөн медкызматкерлер эмне үчүн катташкан жок? Эмне үчүн үч күнгө чейин иш козголгон жок?

Бул кылмыштын ачылбай калышына эки гана себеп бар деп эсептеймин. Биринчиси – кылмыш издөө жана тергөө кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдетине кайдыгер мамиле жасап, кылмышкерди кызуусунда издеген эмес. Үч күн өтүп, балам каза болуп, кылмышкер изин жашырып кеткенден кийин гана иш козгоду. Үч күн мени күтсө керек, бензин куюп, бирдик алып берет деп. А мага ушуларды жаса деп билгендерден бирөө же өздөрү айтышпаптыр.

Мен болсо, кинодогудай элестетип, милиция кылмышкерди издеп жатат, табат деп үч жыл жүрө берипмин. Көрсө, алардын машинасына бензин, телефонуна бирдик, өзүнө акча беришим керек экен. Мен булардын бирөөнү да жасабаптырмын.

Экинчиси – кылмышкер табылып, анын акчасын алып, өзүн кое берип жибериши мүмкүн.

Ушул материал газетага жарыяланса, бул иште жылыш болот деген үмүттө сизге кайрылдым. Алдын ала ыраазылык билдирип жана терең урматтоо менен,

Абдыкайым ӨМҮРБЕКОВ. Кербен шаарынын ардактуу атуулу: – Тел.: 0773 85 13 06, 03742 5 00 89, 0312 29 36 44.

Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кербен шаары, Базарбаев к. үй №7

Зарыл комментарий

РЕДАКЦИЯДАН: Бул катта баяндалгандагыдай окуялар – биздин өлкөнүн турмушундагы көп кездешкен ачуу чындык. Ондогон күбөлөрү бар жол кырсыгын жасаган автомашинаны таба албай калат деген эмне маскарачылык? Ал, албетте, милиция кызмат-керлеринин кылмышкерди чындап эле издебегендигин көрсөтүп турбайбы. Мына ушундан кийин, күбөлөрү жок жасалган кылмыштарды биздин милиция кызматкерлери ача ала тургандыгына кантип ишенүүгө болот? Биз бул катты жарыялоо менен ички иштер министри Улан Исраи-ловдон жооп күтөбүз. Ал кантип актанат болду экен?