Көк бөрү – көркөм, ат чабыш – ата салтындай болсо

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


«Эр жигиттин көк бөрү оюнун мураска калтырган ата-бабаларыма рахмат!” (Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” повестинен)

Кыргызстан Үчүнчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүнүн алдында турат. Буга чейинки Көчмөндөр оюндарында таш карыткан байыркы маданиятыбызды, өнөрүбүздү, каада- наркыбызды, илимдин тили менен айтканда иденттүүлүгүбүздү ар тараптан ааламга көрсөтө алдык. Айрымдарына толуктоо, көркөмдүк киргиздик. Буга 1000 комузчунун Атай Огонбаевдин “Маш ботоюн” бир кишидей чертишин мисалга тартсак болот. Бардык эле элде бир аспапта миң киши ойноп, бир чыгарманы жаңылбай-жазбай аткарышы өтө сейрек көрүнүш. Мунун баары элибиздин маанайын көтөрүп, ар бирибизге сыймыктануу жаратты. Көчмөндөр оюнунун көркү – албетте, ат оюндары (көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш ж.б.). Бирок ушулардын кээ бирлери боюнча көптөн бери көңүлдө багып жүргөн ойлорумду айтууга учуру келди окшойт. Анткени ат оюндарындагы айрым эрежелерди Көчмөндөр оюнуна чейин такташып албасак, бул оюндун эл аралык деңгээлде ойнолушуна, кийинки келечегине өзүбүз балта чаап, ырыскысын кыркып коюшубуз ыктымал.

Көк бөрү көңүлгө толбой турат

Кыргызды  атсыз  элестетүү  кыйын.  “Ат,  аттан кийин жат”, “Аттай – арка, тоодой – медер”, “Ат – адамдын канаты” деген макал-лакаптарынын ар бири эле бир аттык. Ошого жараша кыргыздын улуттук оюндарынын дээрлик көпчүлүгү ат үстүндө аткарылат. Алардын ана башында турганы – көк бөрү. Бул улуттук оюнубуздун ЮНЕСКОго катталышы да баарыбызды сыймыкка бөлөп, улуттук брендибиз катары кызмат кылып келет. Бирок аны эл аралык деңгээлге алып чыгууну көздөсөк, ага эгемендик мезгилинде кимдир бирөөлөр тарабынан таңууланган, күчтөп киргизилген айрым эрежелерди четке кагып, мурдагы ойнолуп жүргөн өң-түсүнө алып келбесек болчудай эмес. Эмне үчүн дегенде көк бөрү табиятында азыркыдай абдан эле агрессивдүү эмес, көркөм, суктандырган оюн. Анда жигиттин шамдагайлыгы, каруу-күчү, эпчилдиги, айлакерлиги, минген атынын күлүктүгү, курчтугу, уч-каяктыгы алаканга салгандай даана көрүнүп турушу керек.

Мурда кандай эле?

Эми биз көргөн көк бөрү оюну кандай өтчү эле? Кыркаар тарткан эл алдында, улак тартууга келгендер өз ара сүйлөшүп эки тарапка бөлүнүп, алтыдан же сегизден болуп оюн көрсөтүшчү. Адегенде экөө бөлүнүп, бири улакты өңөрүп элге жакшы көрүнүп тургандай 200-300 метрлик аралыкка алып барып улакты ортого таштачу. Эч кандай ышкырык-калысы жок эле, эзелки салт боюнча экөө бирдей умтулуп, шамдагайы, эптүүсү эңип кетчү. Азыркыдай бири-биринин атын жөөлөтүп, улакка жолотпой сүрүп салуу деген жок болчу. Башкача айтканда бирдей мүмкүнчүлүктө улакты эңип кетүүгө аракет кылышчу. Би-ри эңип алгандан кийин улакты такымга дароо басчу.

Мыкты улакчылар такымга басканда сууруп алыш кыйын. Анан эки улакчынын бир-бирине бербей улакты кере тартып, мараны көздөй чаап келе жатканындай көркөмдүк дүйнөдө жок. Көрүп туруп аралашып кеткиң келет. Ким болбосун ыраазы болбой койбойт.

Аңгыча жолдон тосуп турган жигиттер алдыларынан чыгып улакты тартып алганга аракет кылат. Бул жерде азыркылардай чаап келаткан атты капталдан чаап барып урдурчу эмес. Жандай чаап улакка жабышып, тартып алууга аракеттенер эле, ошол учурда башка оюнчулар ортого жиреп кирип, аттын омуроосуна салып тартышып жаткандарды бөлүп, улакты жулуп кетүүгө жол берилчү. Оюн кызып, бул оюнчулардын командасы улакты таштап кетишкенден кийин, кийинкилери ошол эле санда оюнду улантчу. Ошону менен улакка түшүүнү каалагандар ошол эле санда (эки тарапка бөлүнгөн алты же сегиз оюнчу) бир сый-ра түшүп чыкмайынча оюн улана берер эле.

Мында аттардын мыктылыгы, жигиттердин шамдагайлыгы, улакчылыгы көзгө даана көрүнөт. Кээде түпкө барган аты күлүк улакчылар алдын тоскон жигиттерге жеткирбей келип же мыкты улакчылар улакты эч кимге тарттырбай чекке таштап кетишкен учурлары болот. Карап тургандарга ат кулагында ойногон табигый кооздукту, көркөмдүктү тартуулайт. Учурда бизге дал ушундай, оюн эрежеси канча кылымдар бою калыптанган көк бөрү оюну жетпей жатат.

Баарын талкалаган тайказан

Азыркы жаштар көк бөрү оюнунун тайказансыз элестете албай калышты. Көк бөрү федерациясынын маалыматы боюнча тайказанды айтылуу режиссер Болот Шамшиев киргизиптир. Бул кишинин талантын, кыргызга кылган эмгегин баарыбыз  сыйлайбыз,  бирок  бул  сунушу көк бөрүгө салым болбой эле көркүн, коопсуздук жагдайларын бузуп жатат деп түз эле айта алабыз.

Эми тайказанды көрүп жүрөсүңөр ылайдан 1 метрден ашык тегерете дубал согуп, сыртынан чоң жүк машиналардын таштай катуу дөңгөлөктөрү менен курчап коюшат. Ошого ат келип урунуп атат, киши келип урунуп атат. Кээде оюнчулар күүлөнүп барып ат-маты менен тайказанга кулап түшкөн, аттын же оюнчунун буту-колу майып болгон учурлар көп эле.

Жылкы жаныбардын колу-буту сынып кетсе эгерим бүтпөйт, аргасыздан мыкты атыңды союуга туура келет. Муну менен

тайказан аттын да, улакчынын да мээнетин жеп, атургай оюнчунун өмүрүнө коркунуч келтирүүдө. Демек, айказандарды талкалап ыргытып жиберип Көк бөрү оюнунун байыркы эле жолуна түшкөнүбүз оң болуп турат.

Азыр көк бөрү оюну эл аралык деңгээлге чыккан.  Былтыркы  кыргыз-казактын Астанада өткөн соңку беттешүүсүндө, казак тарабы тайказаны жок эле оюн сунуш кылышты. Бул туура. Кыргыз-казак эзелтеден жерди айланта чийип ортого көрпөчө-тердик же ат чалынбай турган башка нерсе таштап койчу. Улакты ошонун үстүнө ташташчу. Эгерде улак чийиндин орто-суна ташталып, андан кийин сүрүлүп же аласалып чийинден чыгып кетсе ал оюнга эсептелчү. Ал эми жетпей ташталып, сырттан тоголонуп келип чийиндин чегине түшсө, эсептелчү эмес. Казактарда улакты чийиндин сыртына таштап, анан ал сүрүлүп барып ортого түшкөнү эсептелип жатты. Мунун баары такталчу маселелер.

Муляж жөнүндө

Дүйнөлүк  көчмөндөр  оюнунун  дагы бир талабы бул жаратылыш менен гармонияда жашоону көрсөтүү. Бул жагынан алганда улактын ордуна муляжды тартууга барбаска аргабыз жок. Анын үстүнө бул Казакстанда өткөн эл аралык көк бөрү оюнунда биринчи жолу колдонулду. Азыр дүйнөдө жан-жаныбарларды коргоо уюмдарынын таасири күчтүү. Андыктан көк бөрүнү эл аралык деңгээлге чыгарабыз, өзүбүздү таанытабыз десек муляжга өтүшүбүз керек. Аны канчалык улакка окшото алабыз, бирдиктүү салмагын кандай сактайбыз сүйлөшүп, такташып алсак болот. Ал эми ич ара оюндарда көк бөрү оюну эзелки эрежесине ылайык өтүп, улак, кааласа торпок тартылып, ойноло бериши керек.

Адамдардын мерт болушуна жол бербеш керек

Айта кетүүчү нерсе соңку кездерде колунда бар адамдар мурун-кийин угуп көрбөгөн, бир нече машина сайган чоң тойлордо улак бермей сөзсүз болот. Атүгүл айыл ичиндеги чакан тойлордо деле улак берүү салтка айланды. Мейли боло берсин дейли. Бирок мындай шарттарда көк бөрүнүн “Додо” деген түрү алдыга чыгып, байге үчүн ошол тойго такалуудан тай кал-бай баргандын баары улакка түшчү болду. Кээде 200-300 атчанга жетет. Эч кандай эреже сакталбайт. Аңды-дөңдү карабай чабышып, улакчылардын аңга кирип же жардан учуп, кээде кыштын күнү музга кирип кеткен учурлары арбын. Аны тартылган видеолордон көрүп жатабыз. Адамдар да каза болгон учурлар бар. Көк бөрү канчалык кызыктуу болбосун ар нерсенин чеги, ат оюн болгондон кийин эрежеси болуш керек.

Көк бөрү улуттук оюн. Андыктан анын эрежеси менен күч органдары да тааныш болуп, жер-жерлерде жалпы тартиптин, оюн эрежесинин сакталышына катуу көз салып, адамдардын бөөдө мерт болушуна жол бербеши керек. Кайсы жерде болбосун калыстар шайланып оюн ошолордун көзөмөлүндө өтүшү керек!

Оюнчулардын формасы жана ат жабдыктары тууралуу

Көк бөрүгө аттын баары жарай бербейт. Тегин жеринен биздеги мыкты аттарды казак туугандар акчанын көзүнө карабай сатып кетип жаткан жери жок. Ал эми улакка мине турган аттардын ат жабдыктарына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Кээде аламан байгеге сала тургансып абдан кыска тердикчен, куюшкан, көмөлдүрүк, чаполоңдон  эчтеме  жок  түшкөндөрдү көрүп жаның кейийт. Улактын атына кабырганы толук жапкан тердик сөзсүз салынышы керек. Ал улакты эңгенде жолтоо кылбагандай өтө узун да болбошу зарыл. Тердик атты ар кандай урунуудан, өзгөчө үзөңгүнүн кабыргага өтүшүнөн сактайт. Үзөңгү демекчи улакка карышкыр чапкан үч эмчек үзөңгү менен түшкөнгө тыюу салынышы керек. Анткени, айрым караниет оюнчулар эмчектүү андай үзөңгү менен байкатпай аттын талуу жерине тээп койсо мал болбой калат. Кокус аттан жыгылса бут оңой чыга турган эни жука, жеңил үзөңгүлөр пайдаланышы керек. Ал эми куюшкан, көмөлдүрүк, чаполоң – ат жана улакчы үчүн абдан маанилүү. Анткени, ат үстүндө ары бери оогон учурда ээрди алдыартка кетирбей бекем кармап, атты да кыйнабайт. Булар майда нерсе эмес. Көк бөрү маданияты десек да туура болоор.

Эми көк бөрүчүлөрдүн кийими жөнүндө бир эки ооз сөз. Улакка түшкөн адам эң биринчи башын сакташы керек. Азыр жээги калың тебетей кийип туура кылышат. Тебетей улактагы сүрүлүштө башты жакшы сактайт. Ошондой эле учурда мода болуп жүргөн ичи пахта же жүндөн шырылган, жеңи чолок кемселдер ылайыктуу. Кээде эчкинин терисинен каңдагай кийип алышканын көрүп калабыз. Бул эң сонун табыл-га. Каңдагай абдан бышык жана көркөм. Жумшак өтүктүн сыртынан саймаланган каңдагай кийип алса жакшы жарашып, көк бөрүгө улуттук өң-түс берип турат. Муну командалар өздөрү сүйлөшүп жасатып алышса болот.

Эр эңиш тууралуу эки ооз кеп

Көчмөндөр оюнунда көрсөтүлө турган улуттук ат оюндарыбыздын дагы бири – эр эңиш. Бирок, кийинки кездерде көк бөрүдө болсун, эр эңиште болсун ата-андашын адыраңдатып барып ат менен койдуруп кеткен өнөр чыкты. Бул туура эмес. Эр эңиште аттын курчтугу атаандашын жөөлөтө качырганга керек. Аны андан ары омуроолотуп койдуруп салуу деген жок. Эр болсоң жөөлөтө качырып атаандашын кармачу жерден кармап, колдон келсе колун ээрдин кашына алып келип басып темингенде мыкты аттар алып жөнөп, экин-чиси ээрден шыпырылат. Эр эңиш көргөнгө көркөм, кимди болбосун кызыктырган ат оюну. Аны калыбынан бузбай ойносок. Өткөндө интернетке тарап кеткен видеодо бирөө пилдей болгон ат менен экинчисин жөөлөтүп чийинден чыгарып салды эле, экинчи оюнда дагы ошентем дегенде тигинин аты үйрөтүлгөн окшойт, кош аяктап тура калып берки оюнчуну алдыңкы буту менен аттын үстүнөн учура чапты. Мээси чачырап кетсе эмне болмок?! Ушул да эр эңишпи? Эреже кайда? Анан калса эр эңиште ат менен жөөлөтүп чийинден чыгарып “очко” алуу деген эреженин кереги жок. Эр болсоң ат үстүнөн эңип ал! “Очко” берилсе ат менен чийинден сүрүп салганына эмес, ошол эңгенге аракет кылганы үчүн берилсин! Ушул жагын эмнеге карабайбыз?!

Аламан байге андай Болбойт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ат чабышсыз элестетүү кыйын. Бирок, кийинки кездерде ат чабышта атты жайдак чабышчу болду. Бул кайдан келген эреже? Кыргыз качан атты жайдак чапчу эле? Мунун өзү күлүктүн табиятын түшүнбөгөн түркөйлүккө жатат. Бир мисал келтирсем, өткөн Көчмөндөр оюнундагы 25 чакырымга чабылган ат чабышта Нарын облусу тарабынан бир күлүк дээрлик акыркы айлампаларга чейин алдыда караандатпай келатты. Үстүндөгү баласы оозун тарта албай баратканы байкалып турду. Эгерде ээр токулган болсо ал бала аттын тизгинин ээрдин кашына ороп, аттын күүсүн азайтып, өлчөмү менен чапмак. Күлүк дагы күчүн сактап жүрүп отурмак. Анан маалы келгенде оозун кое бермек. Андай болбой калды. Кыргызда мындайды “үзө чаап койду” деп айтат.

Илгерки чоң чабыштардагы саяпкерлердин “аттын тизгинин ээрдин кашына үч оройсуң, баланча жерге келгенде биринчисин бошотосуң, түкүнчө жерге келгенде экинчисин, дагы бир жерге келгенде үчүнчүсүн бошотуп, анан аттын оозун кое бересиң деген сөздөрдү айтканы бизге келип жетип отурбайбы. Булар тегин сөздөр эмес. Анткени, күлүк күчтүү, атаанчыл келет. Оңой менен оозун бербейт. Тизгинди тартып отурбасаң, үзө чуркап салып, байгеге илинбей калат. Ал эми таянаар үзөңгүсү, бекем отурган ээри жок жаш бала күлүктүн оозун кантип тарта алат?

Дегеле, ээр эмне үчүн керек? Алмустактан аттын үстүндө бекем, ишенимдүү отуруш үчүн! Үзөңгүчү? Эки бутун салактабай, ээрде жыйнактуу отурасың. Тизгинчи? Атты ойдогудай башкаруу үчүн? Бул кыргыздын ат чабуу, дегеле, ат минүү эрежесине киреби? Кирет! Анда эмне үчүн жайдак чабабыз? Анан ат чапкан баланын көчүгүнө эмне са-лып коюшат билбейм, ыңгайсыз. Дагы эки буту салактап чарчап, каруусу жок жаш бала канчалык чыйрак болбосун тизгинге ээ боло албайт. Өзү антип баратса, кокус ат жалт берсе же чукул бурулса үстүнөн учуп кетиши мүмкүн. Мындай кооптуу, кыргыздын ат чабуу салтына жатпаган ат чабыш эрежесин алып ыргытуу керек!

Кыргыз атты кандай чапчу? Тапталган күлүккө жукалатып ичмек, тердик салып, көрпөчө салбай ээр токуп, 7-8 же 12 жашка чейинки чыйрак балага чаптырчу. Ат чабуу оңой эмес. Көзгө даңкан уруп көз ачырбайт, ат кандай абалда, кандай жерде баратат, марага канча калды, кайсы жерде оозун кое берсе болот баарын байкап жүрүш керек. Ушунун баарын саяпкер үйрөтөт. Баса, дүйнөлүк ат чабыштарда жокейлер үзөңгүнү чирене тээп, атка салмагын салбай алдыга обдулуп, куштай сызып баратканын көрөбүз. Баары каска кийип, көз айнек тагынган. Биздин ат чапкан балдардын башына каска, көздөрүнө көз айнек кийгизип койсок, ашыкча болбос эле.

Сөзүбүздү жыйынтыктай келсек, жогоруда айтканымдай Үчүнчү көчмөндөр оюнуна карата ат оюндарыбыздагы айрым тактап алчу жагдайлар, эрежелер арбын.