Тиллаев комитет төрагалыгынан кетти

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев спикердин атына тармактык комитеттин башчылык ыйгарым укуктарын токтото тургандыгы тууралуу кат жолдогонун комитеттин кезектеги жыйынында билдирди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, Бюджет жана финансы боюнча комитетти оппозициянын өкүлү жетектөөгө тийиш. «Жакында «Республика – Ата Журт» фракциясы парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамына кирди. Мен ошол фракциянын мүчөсү болгондуктан, өз ыйгарым укуктарымды тапшыруу чечимине келдим», — деди ал.