Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кортежден баш тартмай болду

Жаңы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аны коштоп жүрчү кортежден баш тартат. Бул тууралуу өкмөттөгү өздүк булактар билдирди.

Анын айтымында, өкмөт башчысы шаарда жол тыгыны аз болушун каалайт.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков кортежи менен өтүп баратканда жолду толугу менен жабууга тыюу салган болчу. Мамлекет башчысы жолду бөлүп-бөлүп жабуу боюнча тапшырма берген.

Жээнбеков президенттикке киришкенден бери жумушка саат 7:45те келери коомчулукка белгилүү болгон.

Булак: Спутник