Кыргызстанда бир жылда 14 тонна маңзат алынды

2017-жылы маңзатка каршы күрөштүн алкагында 1,5 миңдей кылмыштын бети ачылып, ал операциялар учурунда 14 тонна маңзат алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынан  билдиришти.

Алынган заттын бир тоннадан ашыгыраагын кара куурай (марихуана), 200 килограммын гашиш жана 74 килограммын героин түзөт. Маңзаттын баары жок кылынган.

Мыйзамсыз маңзат ташыган топтордун арасында катардагы жарандар, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, укук коргоо, күч органдарынын жана мамлекеттик структуралардын да кызматкерлери кармалган.

Алардын ичинен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 7 килограммдан ашык героин жана Ала-Бука райондук милициясынын башчысынын орун басары 5 килограммга жакын апийим менен колго түшкөн. Ошол эле кезде Баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери өздөрү да баңгизат менен кармалган учурлар болгон.

Булак: Азаттык