Таласта массалык мушташ чыгып, эки окуучу бычак жеди

Талас шаарындагы №5-мектептин 11-классынын окуучулары менен мектепти былтыр бүткөн балдар мушташа кетип, эки баланын бутуна бычак сайылган. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Окуя боюнча териштирүү башталды.

Мушташтан жабыркагандар бейтапканага түшкөн. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, бүтүрүүчү класстын окуучулары учурда үйлөрүнө чыгарылды. Ал эми мектепти бүтүп кеткен 20 жаштагы балага учурда операцияга жасалып жатат.

Мушташка он бештей бала катышканы айтылууда.