Айтматов кайда? Парижде…

Быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекеси дүйнөлүк деңгээлде белгилене баштады. Элине, жерине, мамлекетине чоң абройду, кадыр-баркты алып келген адам ааламда саналуу гана. Ошондуктан, кыргыз эли, кыргыз мамлекети, кыргыз маданияты, кыргыз адабияты үчүн 2018-жыл өзгөчө мааниге ээ. Өзүнүн көзү өтсө да, анын чыгармалары аркылуу элине бел болуп, Ала-Тоодо дайыма желбиреп турган тууга айланып, кыргыз мамлекетинин келечек өнүгүп-өсүшүнө эбегейсиз салым кошууда. Кыргыз элинин сыймыктуу туу тутары, жазуучулук орошон таланты менен дүйнө элинин миллиондогон окурмандарына таанылган, жерин, элин ааламга даңаза кылган Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесин аалам элдери белгилеп жатышканына кантип сыймыктанбайсың?…

Бир  боор,  бир  тууган  түрк элдеринде  Чыңгыз  Айтматовдун  90  жылдык  маарекеси  чоң  салтанаттар,  мамлекеттик  деңгээлдеги  маанилүү иш-чараларды  өткөрүү  менен  шаңдуу  башталгандыгын белгилөөгө арзыйт. Ушул жылдын февраль-март айларында Эл аралык “ТҮРКСОЙ” уюму Бишкекте атайын гала-концерт уюштуруп, 2018-жылды уюмга кирген мамлекеттер арасында “Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыялады.

9-10-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай  Жээнбеков  менен  Түркия Республикасынын  Президенти Режеп Тайип Ердоган улуу ойчул, акылман,  даанышман  Чыңгыз Айтматов  жөнүндө  эң  жагымдуу,  терең  сөздөрүн  айтышып, эки мамлекетте тең жазуучунун маа рекесин татыктуу белгилөөнү дүйнөгө жар салышты.

Жакында Астана шаарында Эл аралык Түрк академиясы тарабынан белгилүү адабиятчы Осмонакун Ибраимов жазган “Чыңгыз Айтматов – империянын акыркы жазуучусу” (“Чингиз Айтматов – последний писатель империи”) деген көлөмдүү, терең мазмундуу орусча китеби жарык көрдү. Улуу ойчулдун чыгармачылык, өмүр жолун чагылдырган бул китеп, албетте, окуучуларды кызыктырбай койбойт.

Чын-чынына келсек, гениалдуу даанышман кыргыздын нукура адамдык, ойчулдук, чыгармаларындагы мекенчилдикти азыркы кыргыз коомчулугу так, даана элестете элек, аң-сезимдеринде бир даңазалуу адамдын аты катары билгендердин, өзгөчө, жаштар арасында, толтура экендигине күбө да болуудабыз.

Менимче,  мындан  ары  кыргыз  элине,  өзгөчө  жаштарына Чыңгыз Айтматовдун чыгарма-ларына өмүр жолуна баам салып, терең талдоолорду жүргүзүүдөн кийин кыргыз элинин тарыхтагы, маданияттагы ордун, кыргыз эли  тушуккан  ар  түрдүү  коом-дун өнүгүшүндөгү оор тарыхый кырдаалдардын таасирлери элдин элдик, улуттук ой-туюм, аң-сезимдеринде  кандай  натыйжаларга  алып  келгендиктерин философиялык  жалпылоолор аркылуу бала-бакча, мектеп, жогорку окуу жай студенттердин, кыргызстандыктардын  калың катмарынын  аң-сезимдерине сиңирүү маселеси бүгүнкү кыргыз мамлекетинин, окумуштууларынын кечиктирилгис милдеттери десек ашыкча болбойт. Мааракелерди  шаңга  айландыруунун “устасы” экендигибиз белгилүү. Алар да керек, бирок, Чыңгыз Айтматовдун турмуштук  терең  философиясын  элибиздин  аң-сезимине  сиңирүү аркылуу кыргыз элин, кыргызстандыктарды  нукура  наркка, салтка, элдин элдигин түшүнүүгө, мамлекеттүүлүктүн мааниси эмнеде экендигине тарбияласак жакшы болбойт беле деген ойдомун. Болбосо, “Чыңгыз Айтматов ким болгон?” деген телекабарчынын күтүүсүз суроосуна чүрөктөй сулуу кыздарыбыздын “Ким эле?” деп башын кашып, кашкайып туруп “журналист” деген жообун укканда, “Аллам оозумдан түшкөнү” эч эсимден чыкпай койду. “Мектептерде эмнени окутуп жатабыз?” деген оор суроону аргасыз коюуга мажбурсуң.

Эл аралык түрк академиясы, анын президенти проф. др. Дархан Кыдырали мырзанын жеке демилгеси менен жарык көргөн Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык жана өмүр жолун жаңыча багытта чагылдырган жогоруда аталган  китеп  кандайдыр  бир деңгээлде улуу ойчулдун мурасына башкача мамиле жасоонун, балким,  жаңыча  түшүнүүнүн башаты  болушу  мүмкүн  деген ойдомун.

Эл  аралык  Түрк  академиясы  ушул  жылдын  30-апрелинде Парижде ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында ЮНЕСКО менен бирге “Руханий жаңылануу жана маданий мурас: байыртадан келечекке” аттуу эл аралык илимий форум өткөрмөкчү. Дүйнөнүн 22  өлкөсүнөн  50  окумуштуу-түрколог, мамлекеттик, дипломатиялык кызматкерлер чакырылган. ЮНЕСКО баштаган бир канча  эл  аралык  илим,  билим берүү жана маданият мекемеле-ринин жетекчилеринин да катышуусу күтүлүүдө.

Бул маанилүү Париж форумунун үч отурумунда түркологиянын үч орчундуу маселеси: 1) Байыркы түрк жазма эстеликтеринин окулушунун  125  жылдыгы;  2) Түрк элдеринин маданий мурастары (Магжан Жумабаевдин 125, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылды-гы); 3) Жок болуп бара жаткан түрк тилдери боюнча маселелер ортого коюлмакчы.

Париж  форумунда  “Чыңгыз Айтматов – империянын акыркы жазуучусу” китебинин таанышты-руу өткөрүлүп, анын автору да катышат. Ушул форумда Эл аралык Түрк академиясы ЮНЕСКО менен бирге “2018 жылды – Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыялап, жыл аягына чейин иш-чараларды өткөрүүнү белгилешкен.

Париж  форумуна  чейин  бул китептин бет ачар аземи апрелде – Астанада, май айында – Ташкентте, андан кийин Бакуда жана Бишкекте өткөрүлүүсү каралган. Улуу ойчулдун түрк ааламындагы орду кеңири даңазаланмакчы.

Париж форумунда көтөрүлүүчү дагы бир өзгөчө орчундуу маселе – ЮНЕСКО колдонгон тилдердин катарына 7-тил катары түрк тилин да сунуштоо. Себеби, дүйнө элдеринин маданиятында, билим берүүсүндө, мамлекеттик тил катары колдонулушунда түрк тилдеринин ролу чоң экендигин ааламга моюндатуу да маанилүү экендиги талашсыз.

Эл  аралык  Түрк  академиясы башка түрк элдеринин илимине, билимине кызмат кылууда, ошондой эле түрк элдеринин дүйнө элдеринин арасындагы татыктуу ордун алуусу үчүн мыкты изилдөөлөрдү, иш-чараларды жүзөгө ашырууда өз кызматын тереңдетүү багытында тынымсыз иштеп жатат.

Эл  аралык  Түрк  академиясы  кыргыз  таануу  илимине байланыштуу  бир  топ  эмгектерди  жарыялады,  маанилүү иш-чараларды  Кыргызстанда өткөрдү.  Жакынкы  жылдарда жана келечекте Кыргызстандын мекеме, ишканалары, окумуштуулары менен биргелешип жумуштарды аткаруу максатында активдүү иштерди жасап жатат.

Кадыралы КОНКОБАЕВ, Астана шары