Соттук чечимден кийин жазылган «соо эмес» арыз

Сот практикасына көп аралашкан киши катары мени бул окуя аябай таң калтырып келет. Айтпайын дейсиң бул көрүнүш улана берсе, биздин сот системабыз биротоло соолуп калабы деген ойлорго алдырасың.

Эми иш мындай болгон. 2017-жылдын 20-ноябрында Талас облустук сотунда доогер Ж.А.Акматбекова жана жоопкер Ж.Алымкулованын жарандык ишин караган сот отуруму болду. Мен Ж.Алымкулованын ишенимдүү өкүлү катары чакыруу кагазын алдым. Анда сот боло турган убакыт көрсөтүлгөнү менен башка эч кандай кагаздар болгон эмес. Муну менен Талас облустук соту Кыргыз Республикасынын процессуалдык кодексинин 128-129-беренелерин аткарган жок.

Бул дагы эчтеке эмес. Баарынан кызыгы сотко төрайымдык кылуучу К.Калиева доогер Ж.Акматбекованын ишенимдүү өкүлү Венера Үмөтовадан паспортун жана ишеним катын сураганда экөө тең жок болуп чыкты. Меникин сураганда тиешелүү бардык документтеримди бердим. Ошону менен К.Калиева В.Үмөтованын соттук отурумга катышып, сөз сүйлөөгө укугу жок болгондугуна карабай сот отурумун баштап жиберди. Бул жерден Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык кодексинин 163-беренесинин 2-бөлүгү аткарылган жок. 

Сот отурумунда К.Калиева доогер Ж.Акматбекованын 2017-жылдын 5-октябрында жазган жеке арызын толук окуду. К.Калиева окуган жеке арызда жазган адамдын аты-жөнү жок, колу да коюлбаган, жашаган дареги да так эмес болуп чыкты. Мындай кол коюлбаган жеке арызды окуп берүү менен соттун төрайымы К.Калиева Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык кодексинин 324-325-беренелерин одоно бузду.

Андан да тамашасы ушул эле иш 2017-жылдын 18-авгу-стунда Талас облустук жарандык иштер боюнча соттук коллегиясында каралып, ага судьялар Ж.Жаманкулов, З.Абдиева жана К.Султаналиевалар катышып аныктама чыгарып, ошол күнү күчүнө кирген.

Анан  Талас  облустук  сотунун  коллегиясы,  судьялар  К.Калиева,  Ж.Жаманкулов  жана  Ж.Султаналиева өздөрү мурда чыгарган аныктамадагы көрсөтүлгөн кемчиликтерди унутуп калышканбы, ал кемчиликтерди четтетпей туруп (329-берене 3-бөлүк)минтип кайра карап атышпайбы.

Бул соттук отурумдун эң эле шумдуктуусу судья К.Калиева соттук  чечимди  кабыл  алуу  алдында  доогердин  өкүлү В.Үмөтовага “даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча жеке тартиптеги арызды качан жазасың?” деп бир нече жолу айтты. Ошону менен В.Үмөтова соттун чечими чыккандан кийин гана биздин көзүбүзчө жазып өткөрүп берди. Муну менен Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 324-325 беренелери толук аткарылган жок. Же жөнөкөй айтканда

каралып жаткан ишке тиешелүү ишенимдүү өкүлдүн арызы соттук чечим чыккандан кийин берилип жатышы эмне деген өзүм билемдик?! Бул арыз мурда эле Бакай-Ата райондук сотуна тапшырылып, ал жактан каттоодон өткөрүлүшү керек эле да? Ал аз келгенсип арызда айы, жылы толук жазылган эмес.

Ошондо кандай болуп калат? Иш боюнча жаңы жагдайлар ачылганы айтылбаса, жеке арызда доогердин аты-жөнү жок болсо, колу коюлбаса, доогердин ишенимдүү өкүлү карала турган иш боюнча арызын соттун чечими чыккандан кийин жазып жатса бул кайсыл мыйзамдын негизинде өткөн сот отуруму болуп калды?

Бул  тууралуу  2017-жылдын  20-декабрында  Кыргыз Респуб ликасынын Судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясына кайрылгам. Бирок ушу күнгө чейин “ак же көк” деген жооп жок. Акыры аргам кетип Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун өзүнө кайрылганымда, Президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүм башчысынын орун басары М.Б.Саякбаев 2018-жылдын 22-февралындагы мага жазган жообунда Тартип комиссиясына кайрылуума кеңеш берген жообун жөнөтүптүр. Ал эми Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясына мурда кайрылгандыгым жана мага жооп бербей жаткандыгы тууралуу жазгандарымды эске албаптыр.

Ошону менен бул маселе боюнча оңдуу жооп бере турган инстанция Кыргызстанда калган эмеспи деген ойлор келет. Минтип эптеп эле кутулуш үчүн бир-бирине түртмөлөй беришсе, каяктагы сот реформасы, ага болгон жарандардын ишеними тууралуу сөз болсун!

К.Т.АЛЫМКУЛОВ, Чүй облусу, Новопавловка айылы, Гагарин көчөсү, №143