25-апрелге карата аба ырайы

25-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо нөшөр болуп, кар жаашы мүмкүн. Ушундай эле аба ырайы күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында болот. Бийик тоолуу райондордогу жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетет.

Нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында дарыялар ташып, суу кирет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 10…15;

Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 10…15;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 10…15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаайт. Түнкүсүн 10…12, күндүз 12…14 градус.