Ювентус Италия чемпиондугун багындырды

Италиянын «Сериа А» өлкө биринчилигин «Ювентус» багындырды. Массимилиано Аллегримашыктырган команда 21-майда “Кротоне” командасын 3:0 эсебинде уткан. Турнирдик таблицада «Ювентус» 88 упай топтоп, 2-орунда келе жаткан “Ромадан” 4 упайга ашып чемпион болду.

“Кротоне” менен болгон беттеште Марио Манджукич 12-мүнөттө эсеп санын ачты. 1-таймдын 39-мүнөтүндө Пауло Дибала таамай болуп эсеп санын 2:0 кылганга үлгүрдү. Оюндун аягына 7 мүнөт калганда Дибаланын чыгарып беришинен соң Алекс Сандро эсеп санын 3:0 кылды.

Ошентип “Ювентус” командасы 6-жолу катары менен жана өз тарыхында 33-ирет чемпиондукту багындырды. Белгилей кетсек, «Ювентус» 3-июнда Чемпиондор Лигасынын финалында «Реал»менен ойнойт.