Жээнбеков: Антка бекем турбагандардын тагдыры кандай болгонун көрдүңөр

Кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамы 25-апрелде Жогорку Кеңеште ант беришти. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрү менен депутаттарга кайрылып, «анттын тузу да, жүгү да оор болорун, аны көтөрө билүү керектигин» белгиледи.

Президент өз сөзүндө кыргыз эли анттын касиетине өзгөчө баа берип келгенине айтты.

— Өлкөбүздүн эгемендүү тарыхында силерден мурун да өкмөт мүчөлөрү ант беришкен. Бирок анттын ыйыктыгын, маңызын, жоопкерчилигин, касиетин, улуулугун түшүнбөгөндөрдүн, антка бекем турбагандардын тагдыры эмне болгонун көрдүңөр. Ошондуктан, берген антыңарга бекем болгула!

Ошондой эле Мамлекет башчы депутаттарга кайрылып, бир билек болуп иштөөгө чакырды.

Эскерте кетсек, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн жаңы курамы программасын «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» деп атаган. Парламент 20-апрелдеги жыйынында жаңы өкмөттүн баяндамасын угуп, тутумун жана курамын колдогон.