Ош базарында чыккан өрт боюнча эки адам камакка алынды

Ош базарынын аймагындагы “Берекет” базарындагы өрткө байланыштуу соода борборунун директору Рафат Момкулов жана базардын техникалык коопсуздук боюнча адиси Рашид Сапаев кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБдин Тергөө кызматынын жетекчиси Нурлан Молдалиев билдирди.

Милициядан билдиришкендей, учурда өрт эмне себептен келип чыккандыгы азырынча белгисиз, бирок атайылап өрттөлдү деген версия да каралууда.

Белгилей кетсек, «Берекет» базарында 13-апрелде өрт чыгып, болжол менен 2000 чарчы метр жер күйгөн. Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси («Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу») жана 238-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Ушуну менен жыл башынан бери Ош базарында үчүнчү ирет чоң өрт чыкты. 5-мартта «Сейтек» базарынын миң чарчы метр аянты күйгөн. 30-январда ушул эле соода түйүнүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен өрттөнүп кеткен.