Таза сууга таза мамиле керек

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Биз дайыма “Кыргызстан суу башындагы өлкө. Миң жылдык мөңгүлөрүбүз бар. Суубуз мол. Ичкенге да, сугарганга да жетет” деп мактанганды жакшы көрөбүз. Бирок, тилекке каршы, мына ошол суу башында турсак да, таза сууга жетпей мукурап турган айылдар, шаарлар, шаарчалар бар экенин жана алар кайсыл жылдарда барып таза сууга жетери белгисиз экенин моюнга алып коюуга тийишпиз.

Алыс барбай эле, Казакстан менен Өзбекстанды суу менен камсыздаган Токтогул суу сактагычынын алкымындагы 1984-жылы түптөлгөн Кетмен-Төбө шаарчасын айталы. Бул энергетиктердин шаарчасы аталган 4 миңге чукул калкы бар калктуу пункт дээрлик таза суусуз жашап жатканына 3-4 жылга айланып баратат. Биз бул маселе туу ралуу оголе көп жаздык. Ал жазгандарыбыздын чындык экенин КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги-нин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо-ну жана агындылоону өнүктүрүү департамен-тинин адистери да тастыкташкан.

Аталган маммекеме бизге берген жообунда Кетмен-Төбө шаарчасынын ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоону республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржылануучу долбоордун эсебинен аткарууга акча ка-ражатынын тартыштыгына байланыштуу мүмкүнчүлүк жок экенин, бирок, Кара-Көл шаарынын жана шаардын карамагындагы Кетмен-Төбө, Жазы-Кечүү, Ак-Таш айылдарынын ичүүчү суу тутумдарын реабилитациялоо жана кайрадан куруу боюнча Мамкурулуш агенттиги тарабынан иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Айтымда, азыркы учурда Мамкурулуш агенттиги тарабынан, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) аркылуу Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн алдындагы “СЕКО” уюмунун жана Европа инвестиция банкынын (ЕИБ) колдоосу менен республикабызда жайгашкан 31 шаардын ичинен 20 шаарында ичүүчү суу жанасаркынды суу курулмаларын реабилитациялоого багытталган жалпы суммасы 193,7 млн. евродон же болбосо бүгүнкү күндөгү курска карата 12,0 млрд. сомдон ашуун инвестиция тартылып, долбоорлор ишке ашырылып жана ашырылуунун үстүндө турат. Албетте, бул жакшы нерсе.

Бирок, ЕБРР акча берсе таза суу болуп, ЕБРР акча бербесе таза суу болбогону чындыгында эгемендүү мамлекет үчүн намыстын иши болууга тийиш жана бул асыресе жергиликтүү бийликтегилер ойлончу маселе. Дегенибиз, ошол эле Кетмен-Төбө шаарчасын алсак, ал шаарчада убагында таза суу кенен эле болгон, анан Кара-Көл шаарынын мэриясынын  мамлекеттик  ишке  жасаган кыянат мамилесинен улам, бүтүндөй бир шаарча суусуз калган. Натыйжада, эми минтип Кыргызстан бирде ЕБРРден, бирде Дүйнөлүк банк тан  “кичилеп”  деп  жардам  суроого аргасыз.

Мына жакында эле Жогорку Кеңеште КР Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

ЖКнын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Дүйнөлүк банк Кыргызстандын айылдарды таза суу менен камсыз кылуу максатында 43 млн. 200 миң доллар өлчөмүндө каражат бөлгөнү жатат. Айтымда, мунун 11 млн. 900 миң доллары гранттык каражат, калган 14 млн 500 миң доллар жеңилдетилген насыя. Таза суу үчүн насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздуу үстөгү менен берилет экен. Бул каражатка Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын 53 айылын таза суу менен камсыздоого жумшалат. Айтып койчу нерсе, келишимге ылайык, КР Өкмөтү “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун 7 млн. 200 миң доллар көлөмүндө кошумча каржылайт.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү  стратегиясында  2026-жылга  чейин өлкөнүн бардык айылдары таза суу менен камсыз  кылынууга  тийиш  деп  жазылган. Жаңылбасак, өлкөнүн айылдарын таза суу менен камсыздоону 2023-жылга чейин бүтүрүү тапшырмасы  коюлган.  Минтип  Кыргыз Өкмөтү эл аралык уюмдардын жардамы менен айылдарды таза суу менен камсыздоо үчүн жандалбастап аракет кылып жатат. А жер-жерлерде тигинтип, Кара-Көл шаардык мэриясынын мисалында айтсак, бүтүлүү нерсени бүлдүрүү менен алек. Мына парадокс кайда.

Биз таза суу менен камсыздоо маселесинде, жергиликтүү бийлик органдарынын жана таза суу менен камсыз кылуу курулуштары менен алектенген курулуш фирмаларынын (андай 1300 жеке подряддык фирма бар экен) жоопкерчиликтерин көтөрүү керек деп айтар элек. Эгер, алар мамлекет тарабынан берилген каражаттарды ысырап кылса, же Кара-Көл шаарынын мисалындагыдай, таптакыр эле бүтүлүү нерсени бүлдүрүп сал-са, анда алар мыйзам чегинде жазасын тартуу керек. Мамлекеттик каражатка кыянат мамиле кылгандарга аёо болбоого тийиш. Себеби, мамлекет, өкмөт ал каражаттарды ЕБРР, Дүйнөлүк банктан насыяга алып жатат, бекер алып жаткан жери жок. Арийне, соттор болсо, мына ошол кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик мүлктү талоонго учураткандарды жазага тартуу ордуна, аларга адвокат болуп, актоо менен алек болуп жатканы таңгалдырбай койбойт. Өкмөт өлкөнүн калкын таза суу менен камсыз кылуу максатында чет элдик финансы институттары менен келишим түзүп, кара жанын карч уруп жатса, а жергиликтүү бийлик менен таза суу менен камсыз кылуу курулуштары менен алектенген курулуш фирмалары жең ичинен сүйлөшүп, өз билген намазын окуп жатса, бул мыйзамга гана эмес, Кудайга да жакпаган иш. Таза сууга таза мамиле керек.